Көл жээгинде бедизчилердин симпозиуму өтүп, мыкты эмгектер элге тартууланат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүМастерская скульптора Галины Булганиной в Великом Новгороде
Мастерская скульптора Галины Булганиной в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тандоо этаптарына жергиликтүү жаш жана тажрыйбалуу таланттар катышып, жыйынтыгында 10 кишинин эмгеги татыктуу деп табылган.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" маданий борборунда "Айтматовдун чыгармаларын барактап" деп аталган таш эстеликтер боюнча симпозиум өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар кабарлашты.

Кыргыз адабиятынын классигине скульптура аркылуу баам салуу боюнча бул иш-чарада кыргызстандык бедизчилер өздөрүнүн колунан чыккан эмгектерин "Рух ордонун" ачык асман алдындагы музейине коюшат.

Түркиянын Стамбул шаарындагы тарыхый Халич аймагындагы Сүтлүже паркына Манастын айкели - Sputnik Кыргызстан
Стамбулга "Манастын" айкели орнотулду
Иш-чара 9-июлда өтмөкчү.

2009-жылы өткөн скульптура боюнча симпозиумда бедизчилер арасында жемиштүү алака-катнаш, пикир алмашуулар болуп, алардын көбү аталган иш-чарага демилгечи болгон Айтматовдун чыгармачылыгы менен жакындан таанышкан. Мындан кийин суроолор, өтүнүчтөрдөн улам иш-чараны кайрадан өткөрүү зарылдыгы жаралган.

Жергиликтүү бедизчилердин эмгегин таанытуу жана аларды колдоо максатында симпозиумду кыргызстандыктар арасында өткөрүү чечими кабыл алынган. Тандоо этаптарына жергиликтүү жаш жана тажрыйбалуу таланттар катышып, жыйынтыгында 10 кишинин эмгеги татыктуу деп табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0