"Темир айым" атка конгон Аида Салянова тууралуу 9 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековБрифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой
Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн ЖК депутаты, мурдагы баш прокурор Аида Салянованын туулган күнү. Ал мындан 45 жыл мурун, тагыраагы 1972-жылы 6-августта Нарын шаарында жарык дүйнөгө келген.

Журналист Гүлдана Талантбекова "Темир айым" атка конгон Аида Салянова тууралуу 10 фактыны сунуштайт.

Орус класста окуган. Нарын шаарында төрөлүп-өсүп, беделдүү деген Чкалов атындагы мектепте окуган. Атасы коммуналдык чарбага эмгек сиңирген кызматкер, апасы кесиби боюнча мугалим. Алты бир туугандын улуусу. Бир боору кайтыш болуп калган.

Өнөрлүү саясатчы. Мектеп курагында "Алтын балалык" балдар хорунда ырдап, өнөр адамдарынын катарын толуктачу. Зуулдата велосипед тээп, таймаштарга катышкан. Калем алып жазган ыры алгачкы жолу 7-классында Фрунзедеги гезитке басылып чыккан. 

© Фото / Жасмин Бактыбек кызыДепутат айым Аида Салянова жашоодогу эң чоң жетишкендиги катары үй-бүлөсүн эсептейт
Депутат ЖК Аида Салянова - Sputnik Кыргызстан
Депутат айым Аида Салянова жашоодогу эң чоң жетишкендиги катары үй-бүлөсүн эсептейт

Тай кезинде чечилген тагдыр. Юрист болом деп 2-классында эле чечип койгон. Өзүнүн айтымында, кинолордон тергөөчү, прокурор, сотторду көрүп таасирленген. 1991-жылы Фрунзедеги Соода техникумун аяктап, Чүй жана Кыргыз улуттук университеттеринде сабак берет. Көп өтпөй Жогорку Кеңештин эксперттик-юридикалык бөлүмүндө иштей баштайт. 10 жылдан ашык укук коргоо тармагында эмгектенип, 2010-жылы КР юстиция министри болуп дайындалат. Бир жылдан соң башкы прокурорлук кызматын ээлейт. Учурда Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты.

Экс депутат ЖК Ыргал Кадыралиева - Sputnik Кыргызстан
Эркектин колун сындырып койгон Ыргал Кадыралиева тууралуу 12 факты
"Темир айым" аталышы. Аида Жеңишбековна саясатта курч мүнөзү, эрктүүлүгү, үнүнүн сүрдүүлүгү менен айырмалангандыктан аны "Темир айым" деп атап жүрүшөт. Салянова бул тууралуу "өзүмдү мүнөздөй албайм, мени жакшы билгендер бала күндөн бери мүнөзүң олуттуу деп айтып калышат" дегени бар. Аида Салянова II даражадагы "Манас" орденинин ээси, КР юстиция отличниги, 3-класстагы юстиция боюнча мамлекеттик кеңешчи.

Таасир алган китептери. Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн", Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч", Рим императору Марк Аврелийдин "Наедине с собой" китептерин кайталап окуп турат. Бул китептердин окшоштугу — адам болуу абийир-мансаптан баалуу дегенди туюндурат. 8-классында таенесине Саякбай Каралаевдин "Манасын" окуп берип, улуу адамдын ыраазычылыгын көрүп кубанганын көп эстейт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАида Жеңишбековна саясатта курч мүнөзү, эрктүүлүгү, үнүнүн сүрдүүлүгү менен айырмалангандыктан аны "Темир айым" деп атап жүрүшөт
Митинг сторонников Омурбека Текебаева у здания городского суда - Sputnik Кыргызстан
Аида Жеңишбековна саясатта курч мүнөзү, эрктүүлүгү, үнүнүн сүрдүүлүгү менен айырмалангандыктан аны "Темир айым" деп атап жүрүшөт

Ички саякатты жактырат. Жер бетинде, ал гана эмес, өз өлкөбүздүн көрө элек жерлери көп. Аида Жеңишбековна бош убактысында өлкөнүн кооз жерлерин кыдырууну жакшы көрөт. "Кыргызстандын керемет кооз жерлерин көрдүм, бутумдун учу тие элек да жерлер бар" деп айтканы бар.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кырктын кырына чыккан Сапар Исаков тууралуу 5 факты
Табиятынан берилген сымбаттуулук. Эл көзүндөгү айым келбет жагынан арыкчырай, бир калыптагы формада экендиги белгилүү. Мунун сыры — депутат айым башынан спорт менен дос. Убакытын тардыгынан азыр жөө басканга эле жетишет. Анан да сымбатын табияттын белеги деп эсептейт.

Вокзалдан кезиктирген түбөлүк сүйүү. Аида айым студент кезинде үйүндөгүлөр сабагына керектүү В.И. Лениндин китебин салып жиберишмек болот. Ошондо китептерди вокзалдан тосуп алганы барып, болочок жолдошу Бакыт Абдыкапаров менен таанышкан. Жашоодогу эң чоң жетишкендиги катары үй-бүлөсүн эсептейт. Учурда жолдошу экөөнүн үч баласы, жаркылдаган келини бар.

Кыялы. Келечекте зордук-зомбулук көргөн аялдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча борбор түзгүсү келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0