Баян Есентаева Бишкекте китебинин бет ачарын өткөрөт

© Sputnik / Болат ШайхиновИзвестный казахстанский продюсер Баян Максат кызы
Известный казахстанский продюсер Баян Максат кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык атактуу теле алып баруучу Есентаева Бишкекке келип, өзүнүн өмүр баянын жазган китебин элге тартуулайт

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Борбор калаада Казакстандын шоу дүйнөсүнүн өкүлү Баян Есентаева китебинин бет ачарын өткөрөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.

Первому учителю — 50 лет или Почему Кончаловский снял обнаженку - Sputnik Кыргызстан
Ата-энебиз сүйүп көргөн кинолор. Бишкекте ретротасмалардын жумалыгы өтөт
Казакстандык теле алып баруучу менен каалоочулар бейшемби күнү "Vefa Сentеr" соода борборунда саат 17.00дө жолуга алат.

Иш-чара андан ары уланып, Есентаева менен жакыныраак көрүшүүнү каалагандар 2000ден 5000 сомго чейин төлөп, борбор калаадагы ресторандардын бирине өтө турган кечеге күбө болот.

Есентаеванын "Баян. Обо мне и не только" деген аталыштагы китеби июлда 20 миң нуска менен сатыкка чыккан.

Эске салсак, былтыр 10-июнда белгилүү продюсер Баян Есентаева катуу сабалып жана бычакталып ооруканага түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0