Айт-намазындагы мусулмандар. Архивдик сүрөт

Курман айтты утурлай адал жарманке өтөт

359
Былтыр Курман айт 12-сентябрга туура келип, бул күн эс алуу күнү деп жарыяланган

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. 1-3-сентябрь күндөрү Бишкектеги соода борборлорунун биринде адал продукция менен кызматтардын VII жарманкеси өтө турганын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Иш-чара Курман айтка арналат.

"Жарманкеге Кыргызстанда жана чет мамлекетте "Адал" стандарты боюнча сертификациядан өткөн соода маркалары катышат. Мындан тышкары, Малайзия, Россия жана Казакстандан дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттер чакырылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Былтыр Курман айт 12-сентябрда белгиленип, эс алуу күнү деп жарыяланган. Быйыл айт качан болору айтыла элек.

359
Белгилер:
жарманке, адал, Курман айт майрамы
Тема:
Курман айттын белгилениши (14)
Тема боюнча
Муфтият Курман айттын так күнү качан аныкталарын айтты
Атабаев: ажылык 7-августтан тарта башталат