Ош шаарынын троллейбус айдоочулары иш таштады

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы троллейбустар
Ош шаарындагы троллейбустар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочулар ушул күнү иш таштоо акциясын уюштурарын алдын ала мэрияга эскертишкен

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бүгүн, 10-август күнү Ош шаарынын троллейбус айдоочулары жумушка чыгышкан жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айдоочулар өздөрү билдиришти.

Реконструкция парка имени Исхака Раззакова в Оше - Sputnik Кыргызстан
Ошто Раззаков атындагы парктын теңинен көбү оңдолуп бүтүп калды
Троллейбустардын каттабай калышына айдоочулардын Ош шаардык муниципалдык транспорт ишканасына нааразы экендиги себеп болгон.

Алардын айтымында, аталган ишкана ар бир каттамдан 80 сомдон салык алууда.

Айдоочулар ушул күнү иш таштоо акциясын уюштурарын алдын ала мэрияга эскертишкенин кошумчалашты.

Белгилей кетсек, Ошто жалпысынан 35 троллейбус бар. Ар бир жүргүнчү жол киреге алты сом төлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0