Ошто талабы жарым-жартылай аткарылган троллейбус айдоочулары ишке киришти

© Фото / Зульфия ТургуноваЗабастовка водителей троллейбусов в Оше
Забастовка водителей троллейбусов в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир күндө жетиден каттам аткарган троллейбус айдоочулары электр энергиясы үчүн деп 560 сомдон төлөп келишкен

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Ош шаарынын троллейбус айдоочулары түш оогондо ишке киришкенин Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси Расулбек Мырзагулов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Эске салсак, бүгүн эртең менен троллейбус айдоочулары Ош шаардык муниципалдык транспорт ишканасы ар бир каттамдан 80 сомдон алып жатканына нааразы болуп, ишке чыкпай коюшкан.

"Иш таштаган троллейбус айдоочулары менен жолугушуп сүйлөштүк. Алар Ош шаардык муниципалдык транспорт ишканасына электр энергиясы үчүн төлөнгөн 80 сомду бербей турганын айтышты. Жай мезгили болуп окуучулар жок болгондуктан, планы толбой калып жатканын билдиришти. Биз анысына макул болуп, 80 сомдук төлөмдү алып салдык. Азыр айдоочулар ишке киришти", — деди Мырзагулов.

Анын айтымында, электр энергиясы үчүн ар бир каттамдан 80 сомдон акча алына баштаганда, айдоочулардын суранычы менен бир күндүк иш планы кыскартылган. Мисалы мурда ар бир каттамына 300 сомдон төлөгөн айдоочулар акыркы айларда 200 сомдон төлөп калган.

Эми 80 сомдук төлөм жоюлганы менен эртеңден баштап иш планы мурдагы калыбына келип калышы мүмкүн экени айтылды.

"Эртең мэрия кызматкерлеринен, айдоочулардан жана биздин ишкананын өкүлдөрүнөн турган комиссия бир троллейбус менен чогуу каттамга чыгып, канча акча түшүп жатканын текшерүүгө алышат. Эгер жүргүнчүлөрдүн саны жетиштүү болсо, иш планы мурдагы өлчөмүнө келип, ар бир каттамга 300 сомдон төлөп калышат", — деди жетекчи.

Маалыматка караганда, бир күндө ар бир троллейбус жети каттам аткарат. Буга чейин ар бир айдоочу бир каттамы үчүн 80, бир күнгө 560 сомдон электр энергиясы үчүн төлөп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0