Сабырбек Жумабеков 53 жашта. Алтын колдуу дарыгер тууралуу 10 факты

© Sputnik / Нургуль МаксутоваИнтервью с директором Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбеком Джумабековым
Интервью с директором Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбеком Джумабековым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн КРдин эмгек сиңирген дарыгери, академик, профессор, миңдеген оорулууга шыпаа берген даңазалуу ортопед Сабырбек Жумабековдун туулган күнү. Ал мындан 53 жыл мурун 11-августта Таластын Кара-Буура районунун Сатыке айылында туулган.

Алтын колдуу ортопед Сабырбек Артисбекович тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова 10 факты даярдады. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСабырбек Жумабеков сыйлык алуу аземинде
Церемония награждения 141 кыргызстанца Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан
Сабырбек Жумабеков сыйлык алуу аземинде

Энесинин сүтүн 17 күн гана эмген. Үй-бүлөдө 11 бир туугандын улуусу. Апасы эмчеги ооруп, уулун 17 гана күн гана эмизген. Таенеси уй фермада иштегендиктен небересин уйдун сүтү менен үч жашка чейин чоңойтуп берген. Кийин Сабырбек таенесине ынак болуп чоңоет. Анын "эмнегедир таенемдин үйүнө баргым келе берчү, мунун айынан бир күнү атаман таяк жегем" деп айтканы бар.

Залкар хирург, эмгек сиңирген дарыгер, Кыргыз Эл баатыры Эрнст Акрамовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Алтын колдуу Эрнст Акрамов 81 жашта! Дарыгер тууралуу 7 чындык
4 мектепте окуган. Өзүнүн айылынан үч жыл окуп, 8-класска чейин таенесинин үйүндө жүрүп окуган, 9-классты дагы башка жерден окуп, ал жактан балдар менен мушташа берип, онду мектеп-интернаттан бүткөн. Өзүнүн айтымында, тентектигине карабай төрт мектепте тең жакшы окуган. Өзү теңдүүлөрдү кичинекей көрүп, тоготпой, өзүнөн үч-төрт жаш улуу балдар менен көбүрөөк жүрчү.

10 жашында акча кармап… Биринчи жолу 3-классында атасына кой кыркканга жардам берип айлык алган. Ошондон тарта жыл сайын тамекиде иштеп акча таап турган. Тапканын инилеринин кем-карчысына тыгын кылып берип турчу. Үйдүн улуусу болгондуктан нан жаап, уй саап, эшиктин да жумушун катырып, айтор жонунан түйшүк кетчү эмес. Өзүнүн эскерүүсүндө "Болгону 22:00-23:00 чейин бир гана саат сабак окуганга убактым болгон" деп айтканы бар.

Зууракан Кайназарова болгондо… 7-классты бүткөндө мектеп жетекчиси 13 баладан турган бригада түзүп Сабырбекти башчы кылып дайындаган. Ошондо он үч бала менен 10 гектардын ар биринен 800 центенерден кызылча алышкан. Бул эмгегинин арты менен облустан биринчи орунду алып, сый-урматка татып, 1000 сомдун тегерегинде акча алышкан.

Өспүрүмүндө өкчөлгөн тагдыр. "Сөөк дарыгери болом" деп келечек кесибин 10 жашында эле тандаган. Ошол учурда атасынын буту ооруп, түнү менен какшап кыйналчу. Анын ооруну басаңдатуучу дарыларды топ-тобу менен ичкенин көрүп, алдына дарыгер болуу максатын койгон. Кийин дарыгерлер атасын туура эмес диагноз менен дарылап жүргөнүн билет. Айылындагы эле хирург байке атасына операция жасап, сөөгүнө толуп калган ириңди алып чыккан.

© Sputnik / Табылды КадырбековЧолпон-Атадагы бешинчи эл аралык Run The Silk Road марафонунда
Чолпон-Атадагы бешинчи эл аралык Run The Silk Road марафонунда - Sputnik Кыргызстан
1/3
Чолпон-Атадагы бешинчи эл аралык Run The Silk Road марафонунда
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБүгүнкү күнү КМШ масштабында отуз жашында доктор аталган жалгыз травматолог-ортопед болгон
Бүгүнкү күнү КМШ масштабында отуз жашында доктор аталган жалгыз травматолог-ортопед болгон - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бүгүнкү күнү КМШ масштабында отуз жашында доктор аталган жалгыз травматолог-ортопед болгон
© Sputnik / Нургуль МаксутоваЖеке өзү 23 миңден ашык адамга, окуучулары менен 150 миңден ашык кишиге операция жасаган
Жеке өзү 23 миңден ашык адамга, окуучулары менен 150 миңден ашык кишиге операция жасаган - Sputnik Кыргызстан
3/3
Жеке өзү 23 миңден ашык адамга, окуучулары менен 150 миңден ашык кишиге операция жасаган
1/3
Чолпон-Атадагы бешинчи эл аралык Run The Silk Road марафонунда
2/3
Бүгүнкү күнү КМШ масштабында отуз жашында доктор аталган жалгыз травматолог-ортопед болгон
3/3
Жеке өзү 23 миңден ашык адамга, окуучулары менен 150 миңден ашык кишиге операция жасаган

Жашында жалындаган ишмердүүлүк. Мектепти аяктаганда борборго келип Медициналык институтка тапшырат. Тажрыйбадан өтүп келүү үчүн Украинанын Симферополь шаарындагы мединститутту тандаган. Ал жактан эки жылдык тажрыйбадан өтүп, алты жылдан кийин 26 жашында илимдин кандидаттыгын жактаган. Андан кийин 1995-жылы 30 жашында илимдин докторлугун Москвадан жактап Кыргызстанга кайтып келген. Бүгүнкү күнү КМШ масштабында отуз жашында доктор аталган жалгыз травматолог-ортопед.

Өлүктөр менен токоч жеген күндөр. Болочок ортопеддин студенттик кездери да кызык окуялар менен коштолгон. Анын "Группадагы 14 баланын жетиси эле окууну толук бүттүк. Баш көтөрбөй окуган күндөр көп болду. Анатомия сабагынан өлүктү алып келип алып окучубуз, анан курсак ачканда токоч жей калчубуз. Анда кол кап деле жок, ошо сөөктү кармаган кол менен деле шам-шум эте берчүбүз" деп эстегени бар. 

Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз медицинасынын өңүн чагылдырган кызыктуу 10 маек
Саясатчы медик. 2008-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, ант берер күнү фамилиясы аталганда чыгып, анттын ордуна арызын окуп туруп кетип калган. Ал бул тууралуу "ошол түнү элдерге жардам берүүдөн айрылып калаарымды элестетип, эртеси эч ким менен акылдашпай, айтпай туруп, депутаттыктан баш тарткам" деген жайы бар. 2010-жылы саламаттык сактоо министри болуп дайындалганда деле күнүгө бейтапканада саат 3кө чейин болуп оорулууларды көрүп, операцияларды жасап жүргөн. Бир жылдан кийин кызматын өткөрүп берген.

Тамекинин арасынан тапкан сүйүү. Илгери студент кезинде атасы талаада иштегендердин бригадири, Сабырбек болсо чоң жүк ташуучу машине менен терилгендерди ташып айдоочусу болуп калат. Ошол күндөрдүн биринде улуттук университеттин абитуриенттери да тамеки тергени келишет. Ал "Россиядан жаңы келип бети-башым апапакай, жакшынакай кийинип алып кыздарга тийишип жүргөн убак эле. Бир күнү талаадагы тамекинин арасында иштебей отурган эки кызды көрүп, жалкоо кыздар окшойт деп ойлоп койгом. Кийин ошол кыздын бири жубайым Роза болду" деп айтканы бар. Жубайы менен бир жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Учурда төрт баланы тарбиялашат. 

Оорулууларга шыпаа берген сандар. 450дөн ашык илимий иштин автору, 35тен ашык илимдин кандидатын, 6 илимдин докторун чыгарган. 100дөн ашык илимий ачылыштарды жасап, алар патенттелген. Жеке өзү 23 миңден ашык адамга, окуучулары менен 150 миңден ашык кишиге операция жасаган. Мындан тышкары 1 миллиондон ашык бейтапка консультация берген.

Работа хирурга-отоларинголога в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Ак халатчандардын жашоосу: ичегиси чубалган аял, кызга айланган эркек
Жумабековдун буттун сөөгүн 31 сантиметрге чейин өстүргөн эмгеги Гиннес китебине сунушталып, жакында эле китептин комиссиясынан жооп келип, бирок китепке дарыгердин эмгеги эмес, эч нерседен коркпостон өз денесине алты жолу операция жасаткан 21 жаштагы Темирбек Бекбоев кирмей болгон.

Жумабеков Сабырбек Артисбекович Кыргызтсанда эле эмес, бир топ өлкөлөргө таанымал сөөк дарыгери.

Жаңылыктар түрмөгү
0