Ысык-Ата районунда суу каптоо коркунучу жоюлду

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия ливневых дождей в Ысык-Ате
Последствия ливневых дождей в Ысык-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кой-Таш — Горная Маевка — Ысык-Ата курорту жолу убактылуу жабылып, окуя болгон жерде Кайгуул милициясы жана ӨКМ иштеп жатат

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ысык-Ата районундагы Нооруз суусунун жээгиндеги унаа жолдорун жана көпүрөлөрдү сел алып кетүү коркунучу жоюлгандыгын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Бир нече саат мурда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам тоодогу Челек-Төр көлү ашып кетип, Нооруз суусуна кошулган. Жыйынтыгында ал бир сарайды, үйдү, 6 теректи жана 5-6 электр түркүктөрүн каптап, кооптуу абалга кептеген.

Кой-Таш — Горная Маевка — Ысык-Ата курорту жолу убактылуу жабылып, окуя болгон жерде Кайгуул милициясы жаан ӨКМ иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0