Дарыкана кызматкери. Архив

Дарыгерлер үчүн уялам. Дарыкана кызматкеринин ачуусуна тийген 5 учур

1748
(жаңыланган 18:00 13.08.2017)
Адаттагы жекшембилик рубрикасына дарыканалардын биринде фармацевт болуп эмгектенген кызматкерлердин бирин кепке тарттык.

Ооруп калганда түз эле ушул адамдарга дары алганы чуркайбыз. Бирок аларга биздин кандай кептерибиз, кылык-жоруктарыбыз жакпай турганын билбесек керек…

"Баарын билем"

Туристтер. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мындай кардарларга дарыгердин кеп-кеңеши деле кереги жок. Анткени алардын интернет деген ынак досу турганда башкалардын жардамы зарыл эмес. Бир эркек киши узак убактан бери вируска каршы кымбат баалуу дары сатып алып келген. Кийин бир нече ай өткөн соң аталган каражат таасир бербей жатканын айтып арызданды. Диагнозу тууралуу суроо узатканда, ал кайсы бир форумдун колдонуучулары кабылган дарттардын келип чыгышын окуп, өзү невралгия менен жабыркай турганын түшүнгөнүн билдирди. "Дарыгерге барыңыз" деген сунушка "өзүмдүн ден соолугумду өзүм билем" деп ороңдоду.

Элдик дарыгерлер

Албетте жаратылыш берген чөп-чар оорулар менен алышууга жардам берет. Бирок аны сөзсүз түрдө күчтүү каражаттар менен аралаштыруу керек. Мисалы долононун тундурмасы менен жүрөк оорудан арылуу мүмкүн эмес! Дартты алдын алса болот, бирок өрчүп кеткенде чөптүн күчү жетпей калат.

Кайдыгер мамиле

  • Башым ооруп жатат бир дары бергилечи.
  • Кан басымыңыз жогорулап кеттиби, шакыйыңыз кармап жатабы же суук тийгизип алдыңызбы?
  • Билбейм, өзүмдү жаман сезип жатам. Шашып дагы жаттым эле кыскасы бир дары бергилечи.

Мындай көйгөй менен күнүнө жок дегенде 10 кардар кайрылат. Албетте муну "Баралгин" же "Кетонал" менен басууга болот. Бирок аларды узак убакыт бою колдонуу туура эмес. Себеби оорунун өзү менен күрөшүп жеңүү зарыл.

Ишенчээктер

Биздин жарандар дагы деле сыналгы аркылуу көрсөтүлгөн жарнамаларга ишенишет. Билип коюңуздар, теле аркылуу сиздин чөнтөгүңүзгө ылайыктуу дары-дармектер көрсөтүлбөйт. Акыркы 1000-1500 миң сомуна дары сатып алган карыяларга боорум ооруйт.

Андан сырткары, абышканын чөнтөгүн акыркы тыйынына чейин кагып алган дарыгерлерге аябай жиним келет. Алар баасы арзан каражаттардын түрүн билишет, бирок кымбат баадагы таблеткаларды жазып бергенди жакшы көрүшөт.

Дайым нааразы болгондор

Түшүнөм, адамдар жыргаганынан дарыканага келбейт. Ошентсе да сүргүнгө кетип жаткан жоксуңар да. Баш оорунун дарысы же витамин алганы келсе деле ар нерсеге нааразы боло беришет.

"Саламатсызбы", "рахмат" же "жакшы калыңыз" деп коюшпайт го чиркин!

1748
Белгилер:
дарыкана, дарыгерлер, Кыргызстан
Тема боюнча
Тыйыны жок тойго чакырбагыла! Ырчынын кыжырына тийген 6 учур
Бишкектеги Тез жардамдын педиатрлары балдар ыйлабашы үчүн "шаңдуу" формалуу болушту
Саргарган дарактар. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

38
Бейшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 22-октябрда, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +12...+17, Ош, Жалал-Абад облустарында +18...+23, Баткенде +17...+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болот.

Бишкекте күндүн экинчи жарымында бир аз жаан жааса, ал эми Ошто күн ачык болот. Абанын температурасы борборубузда +15...+17, Ошто +21...+23 градуска көтөрүлөт.

38
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Жакынкы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт
Премьер-министр Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Садыр Жапаров: абакта жатканда коронавирус менен ооруп айыктым

270
(жаңыланган 23:47 21.10.2020)
Өкмөт башчы өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча күн сайын кабар алып турарын, ооруканалар дары-дармек, медициналык каражаттар менен камсыз болорун билдирди.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абакта жатканда коронавирус менен оорудум. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров BBC радиосуна маек берип жатып билдирди.

Жапаров дартты дары чөптүн жардамы менен жеңгенин белгилеген. Анын айтымында, дары чөп бир гана коронавируска эмес башка ооруларга дагы, мисалы, ашказандын рагына дагы миңдин бири. Аны кыргыздар илгертеден колдонуп келген.

"Ачык айтканда, Кара-Балтанын Финполициясынын кызматкерлеринин көбү коронавирустан атайын дары чөптүн жардамы менен айыгышты. Андан үй-бүлөсү менен сакайгандар болду. Ал дарыны Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге сыноодон өткөрүп көрүш керек", — деди Жапаров.

Коронавирус: Бишкектеги ооруканаларда 400дөн ашуун бош орун бар

Мындан сырткары, ал өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча күн сайын кабар алып турарын, ооруканалар дары-дармек, медициналык каражаттар менен камсыз болорун кошумчалады.

270
Белгилер:
дары, абак, коронавирус, Садыр Жапаров
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Министрлик: коронавирустан сакайган 7 кишиден кайра оорунун белгиси байкалды
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашы

Гэтжи менен Нурмагомедов көз караштар таймашын өткөрдү. Видео

0
(жаңыланган 23:08 21.10.2020)
Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы саналуу күндөрдөн кийин Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болот.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашынын видеосун жарыялады.

Бүгүн, 21-октябрда, мушкерлер маалымат жыйын өткөрүп, андан кийин салтка айлангандай бетме-бет жолугушту. Атлеттер бири-бирине сес көрсөтпөй, сый менен тике карашкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Промоутерлик компания жүктөгөн экинчи видеодон Гэтжи утурумдук чемпион болгондогу бел курун тагынбай койгонун көрүүгө болот. Аны башында көтөрө келген. Ал эми чыныгы чемпион атыккан Нурмагомедов курун кармап кадрга түшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы 24-октябрда UFC 254 турниринин алкагында Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болмокчу. Россиялык мушкер бел курун сактап калганга жан үрөйт.

0
Белгилер:
таймаш, видео, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Уайт: Нурмагомедов — Гэтжи беттеши UFC тарыхындагы эң ири таймаш болот