Баштык чогулткан Айчүрөк: окуюн дейм, бирок апам менен бөбөгүмдү ким багат?..

Жазылуу
Базарда желим баштык терип, үй-бүлөсүн баккан окуучу кыз Айчүрөк эсиңердеби? Анын аянычтуу тагдыры ЖМКлар аркылуу көрсөтүлгөндөн кийин үй-бүлөгө жардам бергендер чыгып, кайсы бир кайрымдуулук фонду ижарасын төлөп, батирге киргизген.

Достроен дом для семьи Шукуровых, средства на который выделил премьер - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө эки майып адамдын үйү акысыз оңдолуп жылууланды
Анда Айчүрөктүн окуясы бактылуу бүткөн кинодой болуп, майып энеси менен жылуу-жумшак үйгө киргенине баарыбыз сүйүнгөнбүз.

Көрсө таалайлуу күндөр көпкө созулбаптыр. Айчүрөк жыл айланбай кайра иштөөгө мужбур болуп, атургай үй-бүлө азыр көчөдө калуу коркунучунда экен.

Айласы кеткен Айчүрөк менен апасы Ысыркан Сулайманова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кеңсесине баш багышты.

— Ырыскан эже, бир жыл мурда силердин бардык шарттары бар батирге киргениңерди көрүп кубандык эле. Эмне себептен андан чыгышыңар керек болуп жатат?

Ырыскан Сулайманова: — Бизди ал батирге ижарага киргизишкен. Айрымдар үй берди деп түшүнүп калышыптыр. Азыр ал батирдин ижарасын төлөй албай жатабыз. Эт комбинаттын жер төлөсүндө жашап жүргөндө журналисттер аркылуу элге таанылып, көпчүлүктүн жардамы менен адам катары жашай баштаганбыз. Кыргызстанда иштеген эл аралык кайрымдуулук фондусунун жетекчиси өзү балдарымдын мектебине жакын жерден ижара акысын төлөп, батирге киргизген. Эми ошол уюмдун бул жактагы жетекчилги алмашып кетип, үйдүн ижарасын төлөөдөн баш тартышты. Август айыныкын төлөй элекпиз, үй ээси 27-августка чейин убакыт берди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрыскан Сулайманова: 27-августка чейин батирдин ижарасын төлөбөсөк, көчөдө калабыз
Мать 13-летней Айчурок Ырыскан Сулайманова - Sputnik Кыргызстан
Ырыскан Сулайманова: 27-августка чейин батирдин ижарасын төлөбөсөк, көчөдө калабыз

— Ага чейин каражат табылбай калса, барар жериңер барбы?

Жакында Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы мектепти мындан 20 жыл бүтүрүп чыккандар ошол айылдагы майып болуп калган беш балалуу адамга үй куруп берди - Sputnik Кыргызстан
Кочкор: 20 жылдыктын ак пейил жигиттери оорулуу кишинин бүлөсүнө үй куруп берди
Ырыскан Сулайманова: — Жок, мурдагы турган жерди карап кел деп Айчүрөктү жибергем. Эчак кулпулап бекитип салышыптыр деп келди. Үйдөн чыккыла деп мажбурсала, көчөдө калабыз. Батирибиздин ижара акысы 13 миң сом. Азыр бир бала ижаранын жарымын төлөп берем, мага бирөө кошулса, экөөлөп жардам берет элек деп жатат. Азыр ошол жакта калууну каалаганыбыздын себеби, балдарымдын мектеби жана мен көрүнгөн ооруканага жакын. Кан басымым бат-баттан көтөрүлүп тургандыктан, дарыгерлерсиз тура албайм. Негизи өкмөттөн жер тилкесин бөлүп бергиле деп сурангым келет. Премьер-министрдин кабылдамасына бир нече жолу барып кире албай койдум.

— Өзүңөрдүн кирешеңер жок болсо, ал жерге кантип үй саласыңар, оңой эмес да?

— Азамат деген бир жигит бар, биздейлерге жардам берип, үй курдуруп берип жүрөт. Ал мага жер алсаңыз эле жардам берем деген, ошого үмүт артып отурам.

— Айчүрөк, азыр иштеп жатасыңбы?

Айчүрөк: — Жок, азыр жумуш жок болуп жатат. Каникулга жаңы чыкканда кафеге жумушка киргем, ал жерде ар бир тапчан үчүн жети пайыздан төлөшөт экен. 10 күндөй иштеп бир миңден ашыгыраак эле акча таптым. Ал жактан чыгып кетип, көчөдө суусундук сатып иштедим. Бирок ал фирма дагы жабылып калды.

— Үй маселеси чечилбесе, быйылкы окуу жылында деле иштейт турбайсыңбы анда?

Айчүрөк: — Айла жок, иштеш керек.

Ырыскан Сулайманова: — Жашаган жерибиз жакшынакай болсо деле кызым иштеп турушу керек. Анткени тамак-аш, күнүмдүк чыгымдар бар да. Өзүм алты жыл мурда Россияда иштеп жүрүп инсульт болгом. Ошондон кийин бир жак ыптам кыймылдабай калган. Мен эч нерсе кыла албайм. Майыптыгым үчүн эки миң сом, уулум менен кызыма бир миң сом жөлөк пул алам. Ал үч миң сомубузду толугу менен коммуналдык төлөмдөргө төгүп беребиз. Менин дарыларым дагы кымбат, аларсыз жашай албайм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМайып апасы менен окуучу инисин жалгыз баккан 15 жаштагы Айчүрөк
13-летняя Айчурок Сулайманова - Sputnik Кыргызстан
Майып апасы менен окуучу инисин жалгыз баккан 15 жаштагы Айчүрөк

— Айчүрөк, жашың жете элек болсо, жумушка кантип орношуп жатасың?

Айчүрөк: — Аябай керек болуп калгандары эле албаса, мен жумуш сурап барган жерлердин көпчүлүгү жашымды сурашат дагы албай коюшат. Батирге киргенде бир нече ай иштеген жокмун. Окууга барып, бааларым жакшы боло баштаган. Бирок кайра иштеш керек экенин билгенде жаман болдум, туталандым, бирок айла жок. Апам менен бөбөгүмдү менден башка ким багат?

— Алдыга койгон кандай максаттарың бар?

Футболистка сборной Кыргызстана и мастер спорта КР Айдана Оторбаева - Sputnik Кыргызстан
Футболчу Айдана: оорудан эптеп бутка турганда апамдан айрылып калдым
Айчүрөк: — 11-классты окуп бүтүп, дарыгердин окуусуна тапшырсам деп тилейм. Апамды дарылап, бутуна тургузгум келет. Кайра мурдагыдай кыймылдап, өз алдынча басып-туруп калса деп кыялданам.

Негизи 9-классты баштаганда түштөн кийин чет тилдерди үйрөтүүчү курстарга барсамбы деп пландап жаткам. Бирок анте албайт окшойм. Иштегенге туура келгендиктен, 8-классты анча жакшы бүтө алган жокмун, чейрек бааларым начар чыгып калды.

P.S. Маек учурунда Айчүрөктү карап отуруп, ушунчалык кичинекей, назик, жаңы ачылып келе жаткан бүчүрдөй болгон өспүрүмдүн ичиндеги кайратына таң бердим. Колу-буту кыймылдабаган майып адам менен окуучу баланы багыш айрым чоң кишилердин колунан келбей турган кезде Айчүрөккө таң бергенден башка айла калбады.

Жаңылыктар түрмөгү
0