Айыл-чарба министри көлдө мөндүрдөн жабыркаган аймактарды кыдырды

© Фото / пресс-служба Минсельхоза КРАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Ысык-Көл облусунун Түп районунда мөндүрдөн зыян тарткан айдоо аянттарды кыдырды
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Ысык-Көл облусунун Түп районунда мөндүрдөн зыян тарткан айдоо аянттарды кыдырды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мөндүрдүн кесепетинен зыян тарткан айылдын тургундары жана дыйкандар жардам берүүнү өтүнүп, кийинки жылга арпа, буудай үрөнүн камсыздап берүүнү суранышты.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Ысык-Көл облусунун Түп районунда мөндүрдөн зыян тарткан айдоо аянттарды кыдырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Мурашев мөндүр жааган аймактарга 16-августта барган. Түп районунда табияттын кырсыгынан жалпысынан 488,7 гектар айдоо аянты жабыркаган.

"Министр Түп районунун Кең-Суу, Байзак жана Сары-Төлөгөй айылдарынын жергиликтүү дыйкандарына жолугуп, көйгөйлөрүн укту. Мөндүрдүн кесепетинен зыян тарткан айылдын тургундары жана дыйкандар жардам берүүнү өтүнүп, кийинки жылга арпа, буудай үрөнүн камсыздап берүүнү суранышты", — деп айтылат маалыматта.

Август айынын башында Ысык-Көл облусунун бир катар аймактарына катуу мөндүр жааган.

Жаңылыктар түрмөгү
0