Москва: 14 кыргызстандыктын өлүмү боюнча басмакана жетекчилигине сот өкүмү чыкты

© AFP / VASILY MAXIMOVПожар на складе в Москве
Пожар на складе в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвин сотко чейин эле башка доо арыздар боюнча компенсацияларды төлөп берген

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Москва шаарынын Бутырский райондук соту өрттүн айынан 17 адам каза болгон "Печатный экспресс" басмаканасынын жетекчилигин кырсыктан бир тууган эжесин жоготкон адамга бир миллиондон ашык каражат төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жолдошум бийиктиктен кулап жан берди... Ажалды оозуна тиштеген куруучулар
Эскерте кетсек, "Печатный экспресс" басмаканасында былтыр август айында өрт чыгып, жалпы жонунан 17 киши набыт болгон, анын 14ү — кыргызстандык кыз-келин экени аныкталган. Имараттан чыга албай калгандардын көбү 25 жаштын тегерегиндеги кыз-келиндер эле. Кырсыктан кийин алардын иске ууланып каза болгону аныкталган. Россиянын Тергөө комитети өрт коопсуздугун сактаган эрежелердин бузулушу боюнча кылмыш ишин козгогон.

"Өрттө эжеси каза болгон жаранга ар бир соттолуучу 575 миң рублдан төлөп берсин", — деп айтылды соттун чечиминде.

Мурдарак Бутырский райондун соту басмкананын башкы директору Сергей Москвинди эки жыл алты айга, инженери Антон Яцковду үч жыл алты айга эркинен ажыраткан.

Москвин сотко чейин эле башка доо арыздар боюнча компенсацияларды төлөп берген.

Тергөө комитетинин версиясы боюнча кырсык коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан келип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0