Атамбаев Барселонадагы терактыдан улам Испания королуна көңүл айтты

© REUTERS / Sergio PerezСерия терактов в Барселоне
Серия терактов в Барселоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Терактыдан 13 адам каза таап, жүздөн ашыгы жабыркады.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Барселонада болгон бир нече терактыдан каза болгондорго байланыштуу Испания королу Филипп VIге көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Поиски беглого заключенного в районе рынка Дордой - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Кыргызстанда теракт уюштуруу аракеттери күчөдү
Эскерте кетсек, кечээ, 17-август күнү, Испаниянын борбору Барселонада эки теракт, эки жардыруу жана бир атышуу болду. Шаардагы аянттын жанынан автобус адамдары тебелеп, анын кесепетинен 13 киши каза тапты, дагы жүздөгөн адамдын жабыркаганы айтылууда. Камбрильс шаарчасында минивэн жөө бараткан адамдарды тебелеп кеткен. Окуяга шектүү катары бир нече киши кармалып, төртөө жок кылынды.

Атамбаев өз сөзүндө Кыргызстан мындай кылмыштарды кескин сындай турганын айтып, каза болгондордун жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0