Сак болгула! Ичеги-карындын жугуштуу оорусуна кабылгандар көбөйүп жатат

© Фото / Башир Алиев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак халатчандар ата-энелерди балдарын таза кармоого, көчөдө, базарда тамактанууда сак болууга чакырат

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстанда ичеги-карын инфекциялары менен жабыркагандардын саны өсүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда борбор калаадагы республикалык инфекциялык ооруканада аталган дарт менен ооруган 194 адам дарыланууда жана алардын басымдуу бөлүгү кичинекей балдар.

Аталган мекеменин башкы дарыгери Гүлжигит Алиевдин айтымында, абал турукташпай кайрылгандар көбөйүп жатат.

"Биз май айында күндүн катуу ысышынан улам ичеги-карын инфекциялары менен жабыркагандардын саны көп болот деп болжолдогонбуз. Бирок абал азыркыга чейин турукташпай, илдет менен кайрылгандардын саны азайбай жатат", — деди Алиев.

Ооруканага күнүнө 250дей жаран кайрылып, күн сайын 50-60 бейтап жаткырылууда. Мындан улам ак халатчандар ата-энелерди балдарын таза кармоого, көчөдө, базарда тамактанууда сак болууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0