Эркектер гана ооруй турган 5 дарт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркектер табиятынан чыдамкай, физикалык жактан күчтүү деп айтылат. Бирок медицинада айрым ооруларды бир гана эркектер көтөрүп, аялдар алып жүрүүчү гана болуп саналат экен.

Журналист Гүлдана Талантбекова дарыгерлердин жардамы менен бир гана эркектер ооруй турган илдеттерди билип көрдү.

1. Гемофилия

Гемофилия — тукум кууй турчу кан оорусу. Гемофилияда кандын уюшу кыйынга тургандыктан токтобой ага берип, ден соолукка олуттуу коркунуч жаратат. Генди аялдар алып жүрөт, бирок дарт эркек кишилерде гана кездешет.

Диагноз

Дарыгер Мэри Эралиеванын айтымында, оорулууга диагноз коюу кыйынчылык деле жаратпайт. Оорулуунун тууган-уругу териштирилет, канды текшерүү аркылуу оору аныкталат же тесттен өткөрүшөт. Гемофилия деңгээлине жараша оор, жеңил, орточо болуп каралат. Кандын суюлуп, токтобой ага бериши бул дарттын алгачкы белгиси. Оор түрүндө баланын киндигин кескен маалда кан көп кетет, жөрмөлөй баштаган кезде капысынан урунуп-согунуп алган баланын мурду-башынан токтобой кан агат, тиштери чыгып баштаганда денесинде жайылган көгала тактар пайда болот. Айрым учурда бөйрөк, ичеги, ашказан, баштан кан агат.

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаВрач-гематолог Мэри Эралиева
Врач-гематолог в кыргызском национальном центре гематологии Мэри Эралиева - Sputnik Кыргызстан
Врач-гематолог Мэри Эралиева

Дарылоо

Өлкө боюнча гемофилия менен ооругандардын саны 300гө чукул. Үчтөн бир бөлүгүн балдар, калганын чоңдор түзөт. 16 жашка чейинки оорулуу балдар Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыланышат. 16 жаштан жогоркулар улуттук илимий гематологиялык борборуна кайрылышат. Бейтаптарды дарылоодо терапия аркылуу канга жетишпеген факторду берип, кан агууну азайтуунун жолун көрүшөт. Экинчи ыкмасы — оорулуулар кан аккан кезде бейтапканага келип дарыланып турушат. Дагы бир жолу физиотерапия аркылуу муундарды, булчуңдарды чыңдашат. Муун иштен чыккан учурда ортопедиялык операция жасоого туура келет.

Работа родильного отделения Калининградского родильного дома №4 - Sputnik Кыргызстан
Гинеколог Наби Тагиев: акушерлердин эркек болгону жакшы
Гемофилия менен жабыркагандарга Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жардам көрсөтүлүп келет. Кыргызстан 2008-жылы гемофилиянын бүткүл дүйнөлүк федерациясына мүчөлүккө алынып, гуманитардык жардам алып турат.

2. Дальтонизм

Дарыгер-офтальмолог Бактыгүл Мамытованын жардамы менен медицинада түстөрдү ажырата албоо илдети дальтонизм тууралуу кеп кылдык. Мамытованын айтымында, дальтонизм X-хромосома аркылуу энеден анын уул баласына берилет дагы, аял алып жүрүүчү болуп саналат. Аялдын хромосомасы ХХ, эркектики XY болгондуктан, кыз кишиникиндей кошумча X-хромосомасы жок болот да дальтонизмге туруштук бере албайт. Дальтонизмдин кийин пайда болгон түрлөрү бар. Ал көздүн торчосу же көздүн нерви кандайдыр бир жаракатка кабылганда келип чыгат.

© SputnikУлуттук госпиталдын көз микрохирургия борборунун жогорку даражадагы офтальмологу, медицина илимдериинин кандидаты Бактыгүл Мамытова
Офтальмолог глазной микрохирургии национального госпиталя, кандидат медицинских наук Бактыгуль Мамытова - Sputnik Кыргызстан
Улуттук госпиталдын көз микрохирургия борборунун жогорку даражадагы офтальмологу, медицина илимдериинин кандидаты Бактыгүл Мамытова

Диагноз

Адамдын көзүнүн торчосу түстөрдү сездирүүчү эки түрдүү нерв клеткалары: таякча жана колбочкадан турат. Колбочкалар өз ара 3 түргө: L колбочкалар кызыл түскө, M колбочкалар жашылга, ал эми S колбочкалар көк түскө бөлүнөт. Түстөрдү көрбөө жана айырмалай албоо маселеси ошол пигменттердин бири же экөө, кээде үчөө теӊ жарым-жартылай, болбосо толугу менен жок болуп калган учурда жаралат.

Түстөрдү көрүп, ажырата алган адамдар трихроматтар деп аталышат. Ал эми түстөрдү тааныбагандар дихроматтар, алардын илдети дихромазия делет. Эч бир түстү ажырата албоо монохромазия деп аташат.

Дарылоо

Дарылоо жолдору алигиче белгисиз.

3. Крипторхизм

Медицинада эркек балдар ооруй турчу илдеттердин саны көп. Алардын көбүн урологиялык оорулар түзөт. Дарыгер-уролог Нурлан Эгетаев менен биргеликте эң олуттуу жана эркектер гана кабылып, көйгөй жараткандарын тизмектеп көрдүк.

Крипторхизм бул – жумуртканын урук калтада болбой калышы. Түйүлдүктүн өсүү кезинде жумуртка ич көңдөйдөн бөлүнүп, калтага акырындык менен түшөт. Ушул кезде ички же сырткы таасирлердин айынан бул процесс бузулат да, жумуртка ич көңдөйдө же жука чурай каналында кармалып калат. Жумуртканын экөө тең же бирөө калтага түшпөй калуусу мүмкүн. Өз ордунда болбой калгандыгы үчүн жумурткага доо кетип, бул кийин тукумсуздукка алып келүүсү ыктымал.

© Фото / Гулдана ТалантбековаДарыгер-уролог Нурлан Эгетаев
Гролог-андролог высшей категории Нурлан Эгетаев - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер-уролог Нурлан Эгетаев

Диагноз

Крипторхизм бала төрөлгөндө эле кошо пайда болгондуктан диагноз коюу кыйынчылык жаратпайт. Бул илдет аял кош бойлуу кезинде инфекцияларды жугузуп алгандын себебинен келип чыгат.

Дарылоо жолу

Дарыгн айтымында, крипторхизмди үч жашка чейин аныктап, дарылоо керек. Жумуртка калтага түшпөй калган болсо, операция жасалып, жумуртка өз ордуна салынат.

4. Простатит

Простатит — эркектердин арасында кеңири тараган оору. Анда эркектердин жумуртка бези сезгенип, шишик пайда болот.

Диагноз

Медицина илимдеринин доктору, уролог-андролог жана сексопатолог Жаныбек Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Сексопатолог Мамбетов: эркекти кызга айланткан жылдары катуу сынга кабылдык
Простатиттин өнүгүшүнүн негизги себеби организмде инфекциялык оорулардын көп болушу. Башка себептери организмдин ашыкча муздакка кабылуусу, алкоголдук ичимдиктер, физикалык жана моралдык стресс себепчи болот. Эгер оору заара чыгаруучу канал аркылуу жайылса, табарсыктын жана бөйрөктүн сезгенишине алып келет. Жыйынтыгында уруктуктун сапаты начарлайт да, тукумсуздук келип чыгат.

Дарылоо жолдору

Ооруга кабылган адам убакытты өткөзбөй, дароо урологго кайрылуусу кажет. Простатитти физиотерапия, ийне саюу, дары-дармек аркылуу айыктырашат.

5. Жыныс мүчөнүн варикациялык оорусу

Дарыгер-уролог Нурлан Эгетаевдин айтымында, учурда аз кыймылдуу жашоо образындагы мырзалар арасында жыныс органга терс таасир берүүчү варикациялык оору көбөйүүдө.

Диагноз

Республиканская психиатрическа больница в селе Чым-Коргон - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда аялдар менен эркектер кайсы ооруга көп чалдыгат
Көпкө отурганда жамбаштан ылдый кан айлануу начарлап, тамырлардын ичкерип, шишип кетишине алып келет. Жыйынтыгында эркектин тестесторон гормону чыңалууга учурап тукумсуздукка кептелет. Илдет көбүнчө офисте иштеп, эртеден кечке маршруттук такси айдап, оор жүк көтөргөндөн, аз кыймылдуу жашоо образынан же жөн гана ныгырылып отургандан пайда болот.

Дарылоо

Жыныстык мүчөнүн варикациялык оорусунун башкы стадиясында дары-дармек менен дарыланышат. Өтүшүп кеткен убагында хирургиялык операция жасалат. Бул варикоздук оору — тукумсуздуктун бирден бир себеби.

Жаңылыктар түрмөгү
0