Диктор Мирзат Муканов: белгилүү адамдардын күйөө баласы болом деп ойлогон эмесмин

© Sputnik / Данияр СандыбаевНТС телеканалынын диктору Мирзат Муканов маек учурунда
НТС телеканалынын диктору Мирзат Муканов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көңүл ачуучу берүүлөргө салыштырмалуу саясий, социалдык, экономикалык берүүлөрдү алып баруу татаал жумуш. Ошондой эле жаңылыктарда диктор болуу да чоң чеберчиликти талап кылат эмеспи.

Sputnik Кыргызстан агенттиги НТС телеканалынын диктору Мирзат Мукановду конокко чакырып, кесибинин ысык-суугу жана "ашканасы" тууралуу билип көрдү.

— Биз чакырган убакыттан кечигип келдиңиз. Кыргыздын канына сиңген адат калбайт окшойт. Эфирлерге кечикпейсизби?

— Негизи өзүм күткөндү абдан жаман көрөм, ошондой эле адамдарды күттүрбөгөнгө да аракет кылам. Бирок унутчаакмын. Өзүмдүн иш графигим деле жыш, жумуштарым чачтан көп эмес, бирок тез эле унутуп кала берем. Ошондуктан маанилүү жолугушууларым болсо биринчи эле келинчегиме айтып коем. Кийин ал мага эскертип турат. Кечигип калганым үчүн сиздерден кечирим сурайм. Ал эми эфирлериме кечикпейм.

Жумуш. #нтс

Публикация от Мирзат Муканов (@mirzatmukanov) Апр 1 2017 в 10:47 PDT

— Күткөндү жаман көрөм деп калдыңыз. Келинчегиңиз менен сүйлөшүп жүргөндө күтүүгө туура келчү да?

— Ооба, сүйлөшүп жүргөн учурда жигит кызын күткөн кадыресе көрүнүш. Бирок мен анын кечирээк чыгаарын билип жарым саат мурда эле "үйүңдүн алдында турам, жеттим" деп койчумун. Ошентип мен келгенде ал чыгып калчу.

— Журналистика бул чыгармачыл адамдардын чөйрөсү. Көпчүлүк журналисттер башка кесипте окуп жүрүп эле бул чөйрөгө кокустан келип калышат эмеспи. Өзүңүздүн окуган кесибиңиз менен иштеп жатасызбы же сиз да бул чөйрөгө "адашып" келип калдыңызбы?

Коомдук биринчи каналдын алып баруучусу Гүлзат Карыбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Диктор Гүлзат Карыбаева: камера алдамчы, сулууларды серт көрсөтүп коет
— Өзүм негизи кесибим боюнча филологмун. Караколдогу Касым Тыныстанов атындагы университетте билим алып баштаганда эле ар түрдүү дебаттарга катышып калчумун. Ошол учурда мени Ысык-Көл телеканалынын жетекчилери байкап, өздөрүнө чакырып калышты. Негизи эле телеге келгенде баары шыр кетет, жолум ачык деп койсом болот. Чакырган күнү эле "эфирге чыгасың, кечкиге даярдан" деп коюшту. Биринчи күнү эле жаңылыктарды алып барып, өзүм толкунданып, сүрдөгөнүм менен жетекчиликке жактым окшойт. Ошентип экинчи курстун башынан тарта бул чөйрөгө аралашып калдым. Андан соң Коомдук биринчи каналга продюсерлердин бири Ильич Кулназаров чакырды. Караколдон түн ичинде келип, эртеси эле КТРКнын түз эфирине чыгып калдым.

— Аймактык телеканалдан келген алып баруучу болсоңуз каршы чыккан эч ким болгон жокпу?

— Мурда Ильич Кулназаров менен чогуу иштешип калганбыз. Мындан улам ал киши мага ишенди болуш керек. Анын үстүнө алар мага бул сунушту киргизээрдин алдында менин алып барган берүүлөрүмдү көрүп, кеңешип анан чакырышса керек. НТС телеканалына деле шыр эле иштеп кеткем.

— Түз эфир алып барганда силерди канча деген адам карап отурат. Бул учурда маалыматты так, туура, адашпай айтуу үчүн чоң чеберчилик талап кылынса керек?

Телеведущая, диктор КТКР Светлана Акматалиева - Sputnik Кыргызстан
Светлана Акматалиева: президент Атамбаев атыман атап тосуп алганда аябай сүйүнгөм
— Диктор алгач өзүнө ишениш керек. Жаңылыктарды окуп жатканда ар бир сөздү бузбай, бурмалабай, так, туура айтуу — мунун баары биздин мойнубузда. Редактордун бир күн кечке жазган материалын, маалыматын элге кызыктуу кылып жеткирүү да биздин милдет. Экинчиден, диктор түз эфирге чыгаарда текстти окуп гана даярданбастан, психологиялык жактан да камынганы дурус. Мисалы, "Ала-Тоо" маалымат программасынын диктору Гүлжан Кулмамбетова дайыма түз эфирге чыгарда жакшы-жакшы атырлардан себинип, өзүнүн маанайын өзү көтөрүп анан чыгат ("сырымды айтып койду" деп таарынып калат го). Мындай көрүнүштү мен абдан туура деп эсептейм. Анткени диктордун даярдыгы жакшы болсо эфир да сонун өтөт. Түз эфирге чыкканда негизи көпчүлүк алып баруучулар коркпой эле, тескерисинче, адреналин алаарын айтышат. Экрандын ары жагынан болсо да миллиондогон эл сени карап, көрүп отурганын сезип мен да кадимкидей күч-кубат алам.

© Sputnik / Данияр СандыбаевДиктор Мирзат Муканов: дикторлорду эфирге чыгардын алдында көрсөңүз күлкүңүз келет. Эмнеге дегенде алар тилди көндүрүп, жатыктырып жатып оозуна жаңгак салып сүйлөгөндөн баштап "мөөрөгөнгө" чейин барышат
Диктор телеканала НТС Мирзат Муканов - Sputnik Кыргызстан
Диктор Мирзат Муканов: дикторлорду эфирге чыгардын алдында көрсөңүз күлкүңүз келет. Эмнеге дегенде алар тилди көндүрүп, жатыктырып жатып оозуна жаңгак салып сүйлөгөндөн баштап "мөөрөгөнгө" чейин барышат

— Кесиптешиңиздин эфирге чыгарда жасаган "сырын" ачып койдуңуз. Сиз өзүңүз да мындай "ырымдарды" колдоносузбу?

— Эми мындай ырым-жырым деле колдонбойм, бирок сөзсүз "быссымылда" деген сөз менен анан студияга кирем. Негизи дикторлорду эфирге чыгардын алдында көрсөңүз күлкүңүз келет. Эмнеге дегенде алар тилди көндүрүп, жатыктырып жатып оозуна жаңгак салып сүйлөгөндөн баштап "мөөрөгөнгө" чейин барышат. Жаактарын чоюшат, көздөрүн чалырайтат, айтор, бул учурду видеого тартып калыш керек да.

— Эфир учурунда жаңылып, жетекчиликтен катуу сын уккан учур болду беле?

Кыргызстандык модель Ясмин Лунианга Диеудонне Али маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Кара-Балталык кара тору модель бийкеч: 100 кг салмакты көтөрө алам
— Ооба, андай учур ар бир диктордун жумушунда болсо керек. Анткени биз текстти, көпчүлүк эле билсе керек, суфлердон окуйбуз. Техникага ишенич жок, ал токтоп, өчүп калышы да мүмкүн. Бул учурда кырдаалды жөнгө салып текстти токтобой окуп кетүү керек. "Ала-Тоо" маалымат программасында иштеп жүргөндө бир күнү менин да суфлерум секирип кетти. Анан бир маалыматты өткөрүп кийинкисин окуп кетиш керек болчу. Бирок ал маалымат дагы табылбай калып мен да токтоп калдым. Негизи байкасаңыздар керек, дикторлордун кулагында микрофон бар, режиссерлор команда берип турат. Мен токтоп калганда режиссер эже микрофонго "өлүгүңүдү көрөйүн, эмне болуп жатасың" деп кыйкырып урушту. Чынын айтайын, мындай сөздү апамдан да уккан эмесмин. Бирок кийин жазылган видеодон көрсөм эч нерсе болбогондой түр менен эфирди улантып кетиптирмин. Ошол эфирим такыр эсимден кетпейт.

— Мындай учурларда кырдаалды кантип жөнгө салып кетесиңер?

— Түз эфирде иштеген алып баруучу хирург сыяктуу. Мисалы, хирургдун бир эле туура эмес жасаган кыймылы адам өмүрүнө коркунуч алып келиши ыктымал. Алып баруучу дагы кокустан бир эле жерден одоно ката кетирсе, ал өзүн-өзү сыйлаган телеканалдар үчүн уят болот. Анткени ошол учурда чоң телеканалдын тизгини сенин колуңда да. Кандай кырдаал болуп кетпесин, эң алгач диктор коркуп кетип же ачууга алдырып жибербей сабырдуу болуусу кажет.

— Кыргыз телевидениесинде олуттуу берүүлөрдү, жаңылыктарды алып барган диктор мырзалар аз сыяктанат. Себеби эмнеде?

— Негизи эле Кыргызстанда теле жаатында чыныгы дикторлор аз. Алардын тарыхын деле карап көрсөм Жолдубай Кайыпов, Тамара Алсеитова, Тамара Жаманбаева сыяктуу саналуу эле дикторлор чыгыптыр. Анын үстүнө кыргыз телесинин тарыхына деле көп убакыт боло элек. Мага бир белгилүү эле байке "алып баруучу болгонго караганда диктор болуу кыйыныраак" деп айткан. Эркек дикторлор чындап эле аз. Алсак, бизде Башкы штаб ар түрдүү параддарды өткөрөөрдө кыйын диктор издеп эле сыйпалап таппай калышат экен. Аял дикторлор да көп деп айта албайм. Кыргызстандагы университеттердин журналистика факультеттеринде дал ушул дикторлук кесипке үйрөткөн атайын кафедра жок экен. Анын үстүнө бизде журналистиканы үстүртөн эле окутуп коюшат. Мындан улам мен да жакын арада алып баруучулук эмес, дал ушул дикторлорду гана даярдап чыгарган мектеп ачсамбы деп ойлонуп жатам. Буюрса, жакын арада пландар ишке ашып калат.

© Sputnik / Данияр СандыбаевДиктор Мирзат Муканов: түз эфирде иштеген алып баруучу хирург сыяктуу. Мисалы, хирургдун бир эле туура эмес жасаган кыймылы адам өмүрүнө коркунуч алып келиши ыктымал. Алып баруучу дагы кокустан бир эле жерден одоно ката кетирсе, ал өзүн-өзү сыйлаган телеканалдар үчүн уят болот
Диктор телеканала НТС Мирзат Муканов - Sputnik Кыргызстан
Диктор Мирзат Муканов: түз эфирде иштеген алып баруучу хирург сыяктуу. Мисалы, хирургдун бир эле туура эмес жасаган кыймылы адам өмүрүнө коркунуч алып келиши ыктымал. Алып баруучу дагы кокустан бир эле жерден одоно ката кетирсе, ал өзүн-өзү сыйлаган телеканалдар үчүн уят болот

— Дайыма бетиңерге гримм коюп чыгасыңар. Аялдарга го бул кадыресе көрүнүш же силер деле көнүп калдыңарбы?

Ведующая программы Тан шоола Канышай Рысбаева - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу Канышай Рысбекова: эфир үчүн ар түрдүү бут тосуулар болду
— Мага жасап жаткан жумушумдун баары жагат, бир гана жакпаган жери — сиз айтып жаткан гримм. Бирок айла жок, бетиңе гримм койбосоң студияда жарыктар берилгенде экрандан жүзүң жалтырап калат. Ал эми гримм адамды нурлуу кылып көрсөтөт. Ушул боюнча бир кызыктуу окуя айтып берейин. Бир күнү түз эфирден кечинде чыгып бетимди жуубай эле унаа айдап кетип калыптырмын. Жолдон МАИ кызматкерлери токтотуп, түшсөм мени башкача көз караш менен карап калышты. Мен деле түшүнбөй документтерди көрсөтүп кетип калгам. Үйгө келсем баягы бетим боелгон боюнча жүрөм. Ичимен "МАИ кызматкерлери эмне деп ойлошту болду экен" деп күлгөм.

— Сизди коомчулук белгилүү акын Элмирбек Иманалиев менен ырчы Гүлбүбү Ороскул кызынын улуу күйөө баласы катары да таанып калды. Белгилүү адамдардын бүлөсү болуп калам деп ойлобосоңуз керек?

— Мен Айзуура менен таанышканда аны белгилүү адамдардын кызы экенин таптакыр билчү эмесмин. Сыртынан көрүп маңдайы жарык жакшы кыз экен деп койчумун. Кийин сүйлөшүп баштаганда гана билдим. Чындап эле чыгармачыл, белгилүү адамдардын күйөө баласы болуп калам деген ойдо жок болчу. Келинчегимди жактырып, экөөбүз сүйлөшүп, анан баш коштук.

Сурот ☺ #жубайым #мирзатмуканов #мирзат_муканов #айзуураиманалиева 2016

Публикация от Мирзат Муканов (@mirzatmukanov) Май 21 2017 в 9:39 PDT

— Кайнене, кайнатаңыз менен мамилеңиз жакшыбы? Кимисине жакынсыз?

— Кудайга миң мертебе ыраазымын, абдан жакшы кайнене, кайнатам бар. Экөө менен тең жакшы мамиледемин.

— Улуу күйөө бала экенсиз? Гүлбүбү Ороскул кызы кандай кайнене?

— Мен апамды кыргыздын салттарынын баарын жакшы билген адам катары билем. Анын жасаган тамактары да сонун. Кээде атайын үйүнө палоо жеш үчүн барам.

— Келинчегиңиз да үйдө мыкты кожойкеби?

— Тамакты абдан жакшы, айрым кафе-ресторандардыкынан ашыра жасайт. Мурда жакшы көргөн тамактарымды жеш үчүн кафеге барсам, азыр келинчегим эле даамдуу кылып жасап коет.

— Негизи маекке келичегиңизди да чакырдык элек. Бирок келе албай калыптыр…

— Ооба, буюрса жакында үй-бүлөбүз толукталганы жатат. Ошого байланыштуу келе албай калды. Мурда мындай нерселерге көп маани бере берчү эмесмин. Бирок кош бойлуу аялды, кичине баланы көпчүлүккө көрсөтө берүүнүн, жарыялоонун кажети жок экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0