Ич кийимге товар катып... Супермаркет күзөтчүсүнүн жанын кашайткан көрүнүштөр

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүОхранники правопорядка в Москве
Охранники правопорядка в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ирет Бишкек шаарындагы супермаркеттерде күзөтчү болуп иштегендердин кыжырын кайнаткан учурларды билип көрдүк.

Бишкектеги соода борборлорунун бириндеги секьюрити бөлүмүнүн кызматкери алардын иш күнүн кимдер "кооздой" турганын айтып берди.

Ачуусу чукул адамдар

— Менин баштыгымды аңтарганга сага ким уруксат берди?
— Бул меники. Караганга укугуңар жок!
— Менеджерди чакыргыла. Силердин шалаакылыгыңарды ал менен гана сүйлөшөм.

Мен мындай сөздөрдү күн сайын угам. Айрымдар алардын баштыктарын мыйзамсыз негизде аңтарып жатканымды айтышып жаныңды кашайтышат.

Бирок кандай болгон учурда да бул менин кызматым, милдетим. Дүкөндүн коопсуздугу менин мойнумда.

Ичип алгандар

Мындай кардарлар көбүнчө түндө келип, баштарына балээ жаратышат. Тагыраагы аларды дүкөндүн чыга беришинде капчыгына көз арткан уурулар күтүп турат. Анан ал чыгары менен колундагы баштыгын, чөнтөгүндөгү капчыгын жула качышат.

Мындай учурларда кардарларга жардам берип, баштыктарын кайтарып берген учурлар көп эле болду.

Уурулар

Национальный фестиваль курута в КТУ Манас в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Колтугу жок эле кол менен жасайбыз! Курут өндүрүүчүнүн жинин келтирген 5 нерсе
Дүкөндүн ичи толугу менен видеокөзөмөлдө турат. Андыктан бир нерсени чөнтөккө салып кетүү такыр мүмкүн эмес.

Айрым кардарлар уурдаган товарын адамдын акылы сыйбай турган жерге катышат. Ооба, ич кийимине чейин салып жибергендер бар. Сыртынан карасаң жакшынакай эле адамдар, бирок кылган аракеттерине жийиркенесиң. Болгондо да арзыбаган нерселерди уурдашат.

Эгер сизден уурдалган товар табылса, он эсе айып пул төлөөрүңүздү же милициядагы камерада түнөп калаарыңызды эстен чыгарбаңыз!

Жамаат

Дүкөн канчалык чоң болгон сайын ошончолук көп уурулук катталат. Мен бир гана кардарлар эмес, сатуучулар тууралуу да айтып жатам. Күзөт тармагында көп жылдан бери иштейм. Айрым учурда күзөтчүлөр сатуучулар менен сүйлөшүп алып, чогуу уурдап, тең бөлүшөт. Ошентип иштен чыкканда бекер азык-түлүк алып кетишет.

Текеберлик

Туризм в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Гиддин итатайын тутулткан алты көрүнүш
Мындай кишилер күзөтчүлөрдү уруп ойношпойт. Мен акча таап үй-бүлөмдү баккан ишимден эмнеге уялышым керек, силер биз менен эсептешүүгө милдеттүүсүңөр. Көп нерсени деле талап кылбайм, биздин эреже боюнча ар бир кардар менен учурашуу зарыл, бирок айрымдар "сен бир байкуш" дегенсип карашат. Жок дегенде саламдашканда алик алуу керек да. Бул эң жөнөкөй этика.

Жаңылыктар түрмөгү
0