Ошто Азия элинин достугу аталышында өткөн ашпозчулардын эл аралык фестивалында эң мыкты палоо баскан жеңүүчүлөр аныкталды

Ошто эң даамдуу палоо баскан эки ашпозчу тандалды

749
(жаңыланган 13:13 21.08.2017)
Фестивалга Кыргызстан, Россия, Өзбекстан жана Казакстандан мен-мен деген ашпозчулар келген

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Ошто "Азия элинин достугу" аталышында өткөн ашпозчулардын эл аралык фестивалында эң мыкты палоо баскан жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.

  • Международный фестиваль плова Дружба народов Азии в Оше
    Ошто "Азия элинин достугу" аталышында өткөн ашпозчулардын эл аралык фестивалында эң мыкты палоо баскан жеңүүчүлөр аныкталды
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Международный фестиваль плова Дружба народов Азии в Оше
    Иш-чара бүгүн, 20-августта шаардагы "Сүйүү багында" саат 10.00дө башталган.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Международный фестиваль плова Дружба народов Азии в Оше
    Фестивалдын жыйынтыгында Ош шаарынын тургуну Айбек Ризаматов менен кошуна Анжиян шаарынан келген Хуршид Хасанов жеңүүчү деп табылды
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Международный фестиваль плова Дружба народов Азии в Оше
    Аларга баш байге катары Дубайда эс алууга жолдомо тапшырылды
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Международный фестиваль плова Дружба народов Азии в Оше
    Ал эми 2-3-орунду ээлегендерге баалуу белектер ыйгарылды
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Международный фестиваль плова Дружба народов Азии в Оше
    Аталган фестивалда Кыргызстан, Россия, Өзбекстан жана Казакстандан келген мен-мен деген ашпозчулар палоо жасап жарышкан.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 6
© Фото / Зульфия Тургунова
Ошто "Азия элинин достугу" аталышында өткөн ашпозчулардын эл аралык фестивалында эң мыкты палоо баскан жеңүүчүлөр аныкталды

Иш-чара бүгүн, 20-августта шаардагы "Сүйүү багында" саат 10.00дө башталган.

"Фестивалдын жыйынтыгында Ош шаарынын тургуну Айбек Ризаматов менен кошуна Анжиян шаарынан келген Хуршид Хасанов жеңүүчү деп табылды. Аларга баш байге катары Дубайда эс алууга жолдомо тапшырылды. Ал эми 2-3-орунду ээлегендерге баалуу белектер ыйгарылды", — деп кабарчы билдирди.

Аталган фестивалда Кыргызстан, Россия, Өзбекстан жана Казакстандан келген мен-мен деген ашпозчулар палоо жасап жарышкан.

749
Белгилер:
ашпозчу, тамак-аш, аш, Ош
Тема боюнча
Айлыгым 30 миң сом! Кесиптик окуу жайды аяктагандар кантип жумуш таап жатат?
Өзбектер 22 миң адамга жетерлик аш басып дүйнөнү таң калтырууга бел байлады
Муканов: кайненемдикине кээде атайын аш жеш үчүн барам
Рейхстагдын байкоо жеринде кишилер. Архив

Германия Кыргызстандын карызын кечет, бирок бир шарты бар 

121
(жаңыланган 00:11 27.01.2021)
Өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия макулдугун берди.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.

Руководитель Управления государственным долгом при Министерстве финансов Руслан Татиков во время беседы на радио
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.

Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.

121
Белгилер:
Руслан Татиков, Тышкы карыз, Германия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан карыз төлөөнүн эң жогорку чегине качан жетет? Расмий жооп
Каракол шаарынын санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына берилген Toyota Land Cruiser Prado

Ысык-Көл: медиктерге берилген жолтандабас президенттин иш башкармалыгында жүрөт 

89
(жаңыланган 22:57 26.01.2021)
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.

Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.

Ал эми президенттин маалымат кызматы окуянын чоо-жайын тактап берүүнү убадалашты.

Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.

89
Белгилер:
белек, автоунаа, Каракол
Тема боюнча
Элчи Удовиченко россиялык ишкердин чуулуу бизнеси боюнча окуяга көңүл бурду
Коррупцияга айыпталган мурдагы жетекчи 11 млн. сом төлөп үй камагына чыкты