Бишкекте Жибек Жолундагы өлкөлөрдө өндүрүлгөн товарлардын көргөзмөсү өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековX международный фестиваль ремесленников "Оймо"
X международный фестиваль ремесленников Оймо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага Казакстан, Россия, Белоруссия жана Кытайдан келген 100дөн ашык компания катышат.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкекте Жибек Жолундагы өлкөлөрдө өндүрүлгөн товарлардын үчүнчү көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Флаги Кыргызстана и Японии - Sputnik Кыргызстан
Япониядан келген бизнес адамдары кыргызстандык ишкерлер менен жолугат
Маалыматка ылайык, ата-мекендик жана чет элдик ишканалар өндүргөн товарлардын жарманкеси 24-26 август күндөрү өтөт. Ага Казакстан, Россия, Белоруссия жана Кытайдан келген 100дөн ашык компания катышат.

Анда энергетика, айыл чарба, медицина жабдуулары, жаңы технологиялар, кийим-кече, дары-дармек жана азык-түлүк продукциялары сунушталат.

Иш-чаранын алкагында компаниялардын кызматташуусуна багытталган жолугушуулар болуп, келишимдерге кол коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0