Sputnik Кыргызстан күндүн тутулушун көрсөтөт

© REUTERS / Samrang Pring Первое в 2016 году полное солнечное затмение
Первое в 2016 году полное солнечное затмение - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күн бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 22.00дө тутулат

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бүгүн жер шарынын бир бөлүгү тарыхта эң узакка созулган күндүн толук тутулушун көрө алат. Бул тууралуу NASA изилдөө борборунан маалымдашты.

Фотографии сошедшего оползня в селе Курбу-Таш Узгенского района Ошской области опубликованные Американским космическим агентством NASA - Sputnik Кыргызстан
НАСА Өзгөндөгү жер көчкүнүн спутниктен тартылган сүрөттөрүн жарыялады
Сейрек кездешчү мындай көрүнүштү бир гана АКШдан байкоого болот. Тутулган күндү биринчилерден болуп Орегондун жашоочулары саат 09.04дө (Бишкек убактысы боюнча 22.04) көрө алышат. Ал эми калган адамдар үчүн NASA түз алып көрсөтөт.

Күндүн толук тутулушун Орегон, Айдахо, Вайоминг, Небраска, Канзас, Миссури, Иллинойс, Кентукки, Теннеси, Жоржия, Түндүк жана Түштүк Каролина штаттарынын жашоочулары байкай алышат. "Тактын" туурасы 113 чакырымды түзөт. Ал узакка созулгандыктан "Улуу күндүн толук тутулушу" деп аталат.

Күндүн тутулушун Sputnik Кыргызстан агенттигинин ретрансляциясынан көрө аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0