БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Баткенде жаңы окуу жылына карата медреселер текшерүүдөн өтүп жатат. Бул тууралуу муфтият билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө тазалыгы, өрт коопсуздугу жана иш кагаздарына көңүл бурулат. Эгерде кандайдыр бир кемчиликтер аныкталса диний окуу жайдын жетекчилигине сунуш, пикирлер айтылат.
Иликтөөнү казынын орун басары Нурдин Мамасабиров жана Баткен облустук казыятынын иш башкармалыгынын жетекчиси Абдисаттар Жакыпов, мечит, медресе бөлүмүнүн жетекчиси Заирбек Жайнаков, казыят эсепчиси Мурзабай Бердикуловдор жүргүзүшүүдө.