Зымырап жүрүп калабыз. Калаада жасалып жаткан жолдордун картасы

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРемонт дороги на участке улицы Гагарина в жилом массиве "Ак-Ордо"
Ремонт дороги на участке улицы Гагарина в жилом массиве Ак-Ордо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр Бишкек мэриясы Кытайдын жол салуу боюнча корпорациясы менен бирге калаага 49 жол жана 6 көпүрө куруу боюнча келишимге кол коюп, ушул жылдын жаз айынан бери бир топ жолдордо капиталдык курулуш иштери башталган.

Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек менен Чүйдүн газ берилген жана бериле турган көчө-конуштары. Карта
Аталган жолдорду куруу милдети мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгына жүктөлүп, учурда алар кызуу иш үстүндө. Мындан тышкары, "Бишкекасфальт" муниципалдык ишканасы да жергиликтүү шаардык бюджеттин эсебинен 50гө чукул чакан жолдорду оңдоп-түзөөдө.

Буга байлыныштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги борбор калаада жалпысынан канча жана кайсы жолдор реконструкцияланып жатканын билгенче алардын ремонт иштери бүтөөр мөөнөтүнө кызыгып көрдү.

Калаанын кайсыл көчөлөрү капиталдык ремонттон өтүп жатат?

Кайсы убакытта бүтүп калат?

Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаевдин айтымында, учурда кытай грантынын эсебинен 38 жолдо, анын ичинде жаңы конуштардагы 10 көчөдө ремонт иштери жүрүүдө. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев
Начальник Управления капитального строительства мэрии Бишкека Нурлан Эшенбаев - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев

"Негизи кытайлыктар менен түзүлгөн келишимде 49 жолду эки жылдын ичинде ремонттоп жасоо каралган. Учурда 38 көчөдө, анын ичинен жаңы конуштарда 10 көчөдө капиталдык ремонт жүрүп жатат. Ноябрь айына чейин 28 жол толугу менен ишке кирип калат. Ошондой эле биздин планда чоң магистралдык да жолдор болгондуктан, аларга быйыл үлгүрбөйбүз. Алсак, Лев Толстой көчөсүн Ак-Ордо жаңы конушунан башындагы Барпы Алыкулов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин чоң магистраль кылып жасайбыз. Бул жолдун ортосунда эстакадалык көпүрө да курулат. Ошондой эле Ахунбаев көчөсүн 5400 метрге чейин чоебуз", — деди Эшенбаев.

Подземный переход - Sputnik Кыргызстан
Автобекеттин аймагындагы жер астындагы өтмөк жайдын аягына чейин оңдолот
Ал ошондой эле кээ бир жолдорду жасоодо шаар тургундары менен түшүнбөстүктөр болгондуктан, айрым иштер кармалып калганын кошумчалап кетти.

"Кээ бир жерлерге жол салууда шаар тургундары бак-дарактарды кыйдырганга каршы чыгып, ага бир топ убакыт кетип калды. Ошондой эле кээ бир учурда иш жүрбөй жаткандай көрүнүп нааразы болгондор бар. Бирок жол куруунун өзүнүн технологиялык нормалары болот, иш ошого жараша жүрөт", — деди капиталдык курулуш башкармалыгын башчысы.

Ал эми "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан быйылкы жылы 30дан ашуун жол ишке берилип калат. 

© Фото / Алманбет Айбеков"Бишкекасфальтсервис" ишканасынын жетекчиси Мирлан Амантуров
Начальник муниципального предприятия Бишкекасфальтсервис Мирлан Амантуров - Sputnik Кыргызстан
"Бишкекасфальтсервис" ишканасынын жетекчиси Мирлан Амантуров

"1-сентябрга чейин биз жасап жаткан жолдордун жарымынан көбү бүтүп, 1-ноябрга чейин толук аягына чыгып калат. Көчөлөргө эки кабат асфальт төшөлүп, жөө адамдар басчу жол, ирригациялары да кошулган", — деди "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын жетекчиси Мирлан Амантуров.

Канча сомдук жолдор салынууда?

Капиталдык курулуш башкармалыгы салып жаткан жолдорго кытай тарап "Бишкек шаарынын жолдорун өнүктүрүү жана кайра куруу" долбоорунун негизинде 1-фазага 478 миллион юань бөлүп бермей болгон. Бирок бул акча мэрияга накталай берилген эмес. Каражатты кытай тарап жумушка жараша улам бөлүп берип, көзөмөлдү да өздөрү жүргүзүп турат.

Реплика Чунцинаа, построенная из монет и агатовых камней в Китае - Sputnik Кыргызстан
Шумкарбек Адилбек уулу: инвесторду эптеп көндүрсөк, салык менен Соцфонд чыга калат
Ал эми "Бишкекасфальтсервис" ишканасы салып жаткан 50 чакырым 405 метрлик жолго шаар бюджетинен 688 миллион сом каражат каралган. Башкача айтканда 1 чакырым жолго 12,5 миллион сом эсептелген.

Мындан сырткары, кытай грантынын эсебинен калаада алты көпүрө салына баштады. Алардын эң эле көзгө көрүнүктүүсү Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан эстакадалык көпүрө болот. Мэрия ал кийинки жылга эсептелгендиктен быйыл бүтпөй турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0