Ысык-Көл жээгине дүйнө жүзүндөгү мүнүшкөрлөр чогулат

© Sputnik / Табылды КадырбековКультурные мероприятия в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын
Культурные мероприятия в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форумга Европа, Азия жана Перс булуңундагы 50дөй өлкөнүн куш сүйүүчүлөрү келет

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу дүйнө жүзүндөгү мүнүшкөрлөрдүн форуму өтөт. Бул тууралуу Салбурун федерациясы кабарлады.

X международный фестиваль ремесленников Оймо - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Жибек Жолундагы өлкөлөрдө өндүрүлгөн товарлардын көргөзмөсү өтөт
Билдирүүгө ылайык, дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чара 4-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо этнокоплексинде башталып, 7-сентябрда Тоң районундагы Боз салкын жайлоосунда улуттук оюндар менен жыйынтыкталат. Форумга Европа, Азия жана Перс булуңундагы 50дөй өлкөдөн 150 мүнүшкөр келет.

Анын алкагында алгыр куштарды сактоо, коргоо маселери талкууланып, бүркүт, ителги жана тайгандардын көргөзмөсү уюштурулат.

Андан сырткары, чет мамлекеттен келген жаш мүнүшкөрлөрдүн эл аралык фестивалы өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0