Чоң-Алайда жер титирөөдөн жабыркаган 17 үй-бүлөгө турак жай курулат

© Фото / Зульфия ТургуноваПоследствия землетрясения в Чон-Алайском районе
Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тендердин жыйынтыгы чыгарылып, курулуш иштери 1-сентябрдан тарта башталат.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Чоң-Алайда ушул жылдын май айында катталган жер титирөөнүн кесепетинен жабыркап, үй салууга такыр мүмкүнчүлүгү жок 17 үй-бүлөгө "Ага хан" фонду турак жай куруп берүүгө көмөктөшөт. Бул тууралуу аталган фонддун Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттарды өнүктүрүү программасынын Чоң-Алай району боюнча координатору Өмүрбек Муратов аймактык кабарчыга билдирди.

Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайда табигый кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү уланат
Учурда тендердин жыйынтыгы чыгарылып, курулуш иштери 1-сентябрдан тарта башталат.

Муратовдун айтымында, райондук администрация менен Жекенди айыл өкмөтүнүн жетекчилиги аталган фондго турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн турак-жай көйгөйүн чечип берүүгө көмөктөшүүнү суранып кайрылган.

"Жер титирөөдөн жабыркаган Жекенди айыл өкмөтүндөгү Кара-Мык, Кара-Тейит, Шибээ, Чулук жана Жекенди айылдарындагы турмуш шарты өтө оор жана кырсыктын кесепетинен турак жайы кыйраган, үй салууга такыр мүмкүнчүлүгү жок 17 үй-бүлө аныкталды. Аларга жана ушул эле аймактагы 45 үй-бүлөнүн турак-жайы үчүн курулуш материалдарын сатып берүү үчүн Ага хан фонду жана Швейцариялык Helvetas фонду тарабынан жалпы 340 миң доллар бөлүндү. 17 үйдү куруу үчүн тендер жарыяланып жеңүүчүлөр аныкталды", — деди Муратов.

1,5 ай аралыгында жалпы аянты 50 чарчы метрди түзгөн эки бөлмөлүү үйлөр бүткөрүлүп, ээлерине тапшырылат. Ал эми чет өлкөлүк "Актед" ишканасы 45 үй-бүлөнүн ар бирине 180 миң сомдук курулуш материалдарын жеткирип берүүнү колго алган.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын апрель-май айларында катталган жер титирөөнүн кесепетинен Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу 5 айылдагы турак-жайлар кыйраган.

Жаңылыктар түрмөгү
0