БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. "Сентябрь" телеканалынын теле көрсөтүүлөрүнө жана радио уктурууларына Кыргызстандын аймагында тыюу салынды. Ошондой эле интернет аркылуу маалымат таратууга дагы чек коюлгандыгын Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Шейшемби күнү Биринчи Май райондук соту Башкы прокуратуранын доосун канааттандырган. Арызда 2016-жылдын 29-сентябрында "Сентябрь" телеканалына Абдылда Капаровдун берген интервьюсун экстремисттик деп таануу өтүнүчү жазылган.
"Сентябрь" телеканалынын теле көрсөтүүлөрүнө жана радио уктурууларына Кыргызстандын аймагында тыюу салынды. Ошондой эле интернет аркылуу маалымат таратууга дагы чек коюлду. Анткен менен айрым интернет булактар Башкы прокуратура "Сентябрь" телеканалын ушундай эле аталыштагы башка канал менен алмаштырып алды деп жазып чыгышты. Бирок бул чындыкка жатпайт", — деп айтылат маалыматта.
"С-2" Телерадиокомпаниясынын редакциясы" ЖЧКсы Юстиция министрлигинин буйругу менен "С-2" телеберүүсүнүн" негиздөөчүсү деп таанылып, юридикалык жайгашкан жери Бишкек шаары болуп эсептелет", — деп Башкы прокуратурадан белгилешкен.
Ошондой эле Жалал-Абад облусундагы "Сентябрь" телеканалы аналогдук берүүлөрүн токтотконго чейин өз ишин лицензиянын негизинде жүргүзүп келген. Ал лицензияны учурда "Сентябрь" каналы ("С-2" телеберүүсү, Бишкек) колдонуп келе жатканы маалыматта белгиленген.