Бишкекте төрт көчө оңдоодон кийин ачылды. Тизме

Жазылуу
Кытай бөлгөн грантка жалпы узундугу 95 чакырымды түзгөн 49 көчө оңдолот

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында кытай грантынын эсебинен оңдолуп жаткан көчөлөрдүн төртөө автотранспорт үчүн ачылганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

2019-жылы түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун бир бөлүгү болгон Нарын дарысынан өтүүчү эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктайт - Sputnik Кыргызстан
Нарындан өткөн бир чакырымдык эстакадалык көпүрө. Курулуштун жүрүшү жана эскизи
Ага ылайык, Медеров көчөсү (Панфиловдон Токтоналиевге чейин), Иманалиев көчөсү (Түштүк магистралдан Абдрахмановго чейин), Саадаев (Тоголок Молдодон Орозбековго чейин), Гагарин көчөсү (Тагай бийден Айбийке көчөсүнө чейин) аркылуу машиналарды айдоого болот.

Мэрия учурда дагы 32 көчөдөгү оңдоо иштери аяктоо алдында турганын кошумчалады.

Жалпысынан Кытай бөлгөн грантка узундугу 95 чакырымды түзгөн 49 көчө оңдолот. Ошондой эле 7 көпүрө салынат.

Борбор калаадагы оңдолуп жана салынып жаткан көчө менен көпүрөлөр тууралуу кенен Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан кеңири таанышсаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0