Акыр-чикирге толгон кир бөлмөлөр. "Ош" базардагы медборборлордун абалы сүрөттө
Акыр-чикирге толгон кир бөлмөлөр. "Ош" базардагы медборборлордун абалы сүрөттө
Sputnik Кыргызстан
Текшерүүгө алынган менчик медициналык борборлордун дээрлик бардыгы антисанитариялык абалда экени, көбү мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек колдонору аныкталган 24.08.2017, Sputnik Кыргызстан
Текшерүүгө алынган менчик медициналык борборлордун дээрлик бардыгы антисанитариялык абалда экени, көбү мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек колдонору аныкталган
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бишкектеги "Ош" базардын айланасында жайгашкан жеке медициналык борборлордун биринен да лицензия табылган жок. Мындай абал саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин аталган жайларды текшерүүсү учурунда белгилүү болгон.
Министрлик тараткан маалыматта текшерүүгө алынган менчик медициналык борборлордун дээрлик бардыгы антисанитариялык абалда экени, көбү мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек колдонору аныкталганы жазылат
Министрлик тараткан маалыматта текшерүүгө алынган менчик медициналык борборлордун дээрлик бардыгы антисанитариялык абалда экени, көбү мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек колдонору аныкталганы жазылат
Министр Батыралиев өз сөзүндө лицензия аттестациялык сертификат менен бирге мекеменин көрүнүктүү жеринде илинип турушу керектигин белгиледи.
Министрлик тараткан маалыматта текшерүүгө алынган менчик медициналык борборлордун дээрлик бардыгы антисанитариялык абалда экени, көбү мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек колдонору аныкталганы жазылат.
Министр Батыралиев өз сөзүндө лицензия аттестациялык сертификат менен бирге мекеменин көрүнүктүү жеринде илинип турушу керектигин белгиледи.
"Бул көйгөйлөрдү министрлик жалгыз чече албайт. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен коомчулуктун жардамы керек", — деди министр.
Ушу тапта Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан медициналык борборлордун санитардык-техникалык абалын текшерүү маселеси каралып жатат. Ал эми "Ош" базарынын айланасындагы медборборлордун ээлерине эскертүү берилери айтылды.