Кыргызстандын алгачкы космонавты, Кыргызстан менен Россиянын баатыры Салижан Шариповдун архивдик сүрөтү

Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов тууралуу 5 факты

1095
(жаңыланган 21:32 25.08.2017)
Кыргызстандын алгачкы космонавты, Кыргызстан менен Россиянын баатыры Салижан Шарипов бүгүн 53 жашка толду.

Мындан улам Sputnik агенттигинин журналисти Гүлдана Талантбекова Шарипов тууралуу 5 факты даярдады.

Көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан. 1964-жылы 24-августта Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган. Ата-энесинин аты-жөнү Шакиржан Шарипов жана Тургунай Ташматова болгон. Алар болочок космонавт Салижандан сырткары Матлюба, Кадыржан, Кабилжан, Садыкжан, Собитжан, Зульфия аттуу балдарды тарбиялаган. 

Российские космонавты Юрий Шаргин, Салижан Шарипов и американский астронавт Лерой Чао улыбаются в СМИ перед началом тренировки на космическом корабле Союз ТМА в Звездном городке под Москвой. 21 сентября, 2004 года
© AP Photo / Mikhail Metzel
Россиялык космонавттар Юрий Шаргин, Салижан Шарипов жана америкалык астронавт Лерой Чао "Союз ТМА" космос кемесиндеги машыгуу алдында. 2004-жыл, 21-сентябрь

Жаштын тилегин берет. Бала кезинде асмандагы учактарга таасирленип учкуч болууну самаган. Кийин космоско кызыгып, мектепке барганда асманга тиешелүү китептерди көп окуган. Ийгилиги тууралуу мындай деп айтканы бар: "Космонавт болуу үчүн, биринчиден, ден-соолукту чыңдаш керек. Анткени саламаттыгы мыкты адам гана космоско учат. Экинчиден, көп окуу зарыл. Ошондой эле алдына так максат коюу кажет. Эгерде адамдын реалдуу максаты болсо ал ага жетүү үчүн болгон аракетин жумшайт".

Жашоодогу бурулуш. Өзгөндөн орто мектепти, Приморьедеги жогорку учкучтар окуу жайын бүтүрүп, 1990-жылы Космонавттарды даярдоо борборунда сыноочу-космонавт жана инженер-эколог кесибине ээ болот. Кийинчерээк Шарипов атайын тандоодон өтүп, АКШдагы Линдон Жонсон атындагы Учкучтарды даярдоо борборунда америкалык кесиптештери менен бирдикте "Спейс-шаттлдын" космостогу системасын толугу менен өздөштүргөн. 1998-жылы 22-январда Канаверал тумшугунан америкалык-россиялык экипаждын курамында Хьюстон шаарындагы Линдон Жонсон атындагы учуу станциясынан "Шаттл STS Endeowor" космос корабли менен Россиянын 88чи, ал эми дүйнө жүзү боюнча 380-космонавт болуп космоско учкан. 
Командир 10-й Международной космической станции, командир Лерой Кьяо, справа и бортинженер Салижан Шарипов в начале пресс-конференции.
© AP Photo / NASA TV
10чу эл аралык космостук станциянын командири Лерой Кьяо жана бортинженер Салижан Шарипов маалымат жыйын алдында

Жеке жашоосу. Жубайы Насиба Шарипова менен Нигара аттуу кыздуу жана Жахангир аттуу уулдуу болушкан.

Учурда Россиянын Жылдыздуу шаарчасында жашайт. Юрий Гагарин атындагы учкучтарды даяроо борборунун биринчи башкармалыгынын жетекчиси. 2012-жылы "Россия сыймыктанган мусулмандар" даректүү тасмасына тартылган. Футбол ойноп, китеп окуганды жактырат.

1095
Белгилер:
Кыргызстан, Салижан Шарипов, космонавт
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (401)
Тема боюнча
Сабырбек Жумабеков 53 жашта. Алтын колдуу дарыгер тууралуу 10 факты
Оңолбек Каныбек уулу 26 жашта. Шыңга бойлуу волейболчу тууралуу 8 факты
Текебаевди соттогон Айбек Эрнис уулу тууралуу 8 факты
"Жамийла" повести тууралуу кызыктуу 15 факты. Москвада жаралган кыргыз повести
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

52
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

52
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо