Ажылыкта жүргөн кыргыз жарандарын атайын дарыгерлер тобу көзөмөлгө алууда

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Он үч дарыгерден турган атайын топту КРдин Саламаттык сактоо министрлиги жөнөткөн

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Ажылык парзын аткарып жаткан кыргызстандык зыяратчылардын ден соолугун 13 дарыгерден турган атайын топ көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравиясы ажылык сапарга келген катарлыктарга чек араны ача турган болду
Кыргызстандык зыяратчылар жайгашкан мейманканалардын бардыгы бир жерде болгондуктан эки мейманканага атайын убактылуу медициналык тейлөө түйүндөрү уюштурулуп, КРдин саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жиберилген дарыгерлер 24 саат бою өз кызматтарын көрсөтүшүүдө.

Ошондой эле кыргызстандык зыяратчылар үчүн Тез жардам кызматтары дагы уюштурулуп, ынгайлуу шарттар түзүлгөн.

"Иштөө графиги эртең менен 8:20дан кечки 20:30га чейин дем алышсыз улантылып, кайрылган жарандарды үзгүлтүксүз кабыл алуудабыз. Дарыгерлер ар кыл тармакта болгондуктан күнүгө алты дарыгер кезектешип иштеп жатабыз", — деп дарыгер Мухаметалим Турсунбаев билдирди.

Кыргызстандык дарыгерлердин айтымында, бүгүнкү күнгө чейин оор абалда кайрылгандар каттала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0