Чамдагыла! 31-августка чейин электр энергиясына карызын жойгондордун тууму чийилет

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКалькулятор. Архив
Калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Түндүкэлектр" компаниясы карыздан кутуулунун тартибин көрсөтүп берди

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин электр энергиясына болгон карызынан кутулган жарандардын туумун жоюу боюнча акция соңуна чыгаар алдында турат. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" билдирди.

Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтогул суу сактагычы алты жылдан бери биринчи жолу 100 пайызга толду
Акция 1-августта башталып, буга чейин чегерилген туумдун акчасын үнөмдөп калууга өбөлгө болот. Мында жарандар карызкор адамдардын тизмесинен алынып, мыйзам боюнча каралган соттук иштердин, жагымсыз окуялардын алдын ала алышат.

Аталган иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата уюштурулган.

Акция мамлекеттик органдар, жеке компаниялар жана карапайым калк үчүн бирдей болуп, сотто каралып жаткан туум акчага тиешеси болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0