БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасынан чыккан өрттөн каза болгон кыргызстандык кыз-келиндердин бир жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, ага Москвадагы кыргыз элчилигинин жана диаспоранын өкүлдөрү, жарандык активисттер, аксакалдар кеңеши, ошондой эле каза болгондордун туугандары катышты. Тилсиз жоонун айынан ажал тапкан кыз-келиндердин жакындарына көңүл айтылып, арбактарына багышталып куран окулду.
Москва шаарынын Бутырский райондук соту басмкананын башкы директору Сергей Москвинди эки жыл алты айга, инженери Антон Яцковду үч жыл алты айга эркинен ажыраткан.
Кийинчерээк кыргызстандык кыз-келиндердин туугандары сот жумшак өкүм чыгарып койду деп нааразы болуп доо арыз берилген.
Мындан тышкары, элчилик каза болгон жарандардын туугандарына компенсация төлөп берүү маселеси боюнча Россиянын тийиштүү органдары жана адвокаттар менен иштөөнү улантып жатканын кабарлады.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.
Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.
Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жаңы оорукананын ачылыш аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышкан. Иш-чарада министр дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын белгилеген.
Ал эми вице-мэр Эмиль Шадыханов былтыркы жылдагы каталыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жаткандыгын кошумчалаган.
100 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу бир жыл ичинде бүткөнү айтылды. Ал эми медициналык мекеменин эски имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү маалым болду.