Ош: милиция аялдын башын кесип салган кылмышкерди табуу үчүн элден жардам сурайт

Жазылуу
Маркумдун сөөгү "Тазалык" кызматкерлери тарабынан таштанды челектен табылган

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Ош шаарында катталган адам өлтүрүү фактысынын бетин ачуу үчүн ШИИБдин криминалдык милиция кызматы коомчулукка жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан маалымдашты.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОшто башы кесилген аялдын сөөгү ташталган жерден табылган буюмдар
Ошто башы кесилген аялдын сөөгү ташталган жерден табылган буюмдар - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ошто башы кесилген аялдын сөөгү ташталган жерден табылган буюмдар
© Sputnik / Зульфия ТургуноваВещи, обнаруженные вместе с трупом обезглавленной женщины в Оше
Жестокое убийство женщины в Оше - Sputnik Кыргызстан
2/2
Вещи, обнаруженные вместе с трупом обезглавленной женщины в Оше
1/2
Ошто башы кесилген аялдын сөөгү ташталган жерден табылган буюмдар
2/2
Вещи, обнаруженные вместе с трупом обезглавленной женщины в Оше

Эске сала кетсек, 27-августта саат 10.30дар чамасында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери Мамлекеттик социалдык университетинин маңдайындагы таштанды челектен 40-50 чамасындагы башы кесилген аялдын сөөгүн табышкан.

"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы оор кылмыштын бетин ачуу үчүн коомчулуктан жардам сурайт. Маалымат берген адам тууралуу жашыруун сыр толук сакталышына кепилдик беребиз", — деп айтылат маалыматта.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОшто башы кесилген аялдын сөөгү ташталган жерден табылган буюмдар
Жестокое убийство женщины в Оше  - Sputnik Кыргызстан
Ошто башы кесилген аялдын сөөгү ташталган жерден табылган буюмдар

ШИИБ маркумдун кофтасын, ал оролгон туштук жана сөөгү салынган сумкалардын сүрөттөрүн жарыялады.

Оор кылмыш тууралуу маалыматы барлар 03222-2-46-78, 03222-2-10-06, 0557-79-96-99, 0558-15-00-88 номерлери аркылуу байланышка чыкса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0