100 боз үй, бир тонна күрүч. Сокулук Курман айтты өзгөчө белгилейт

© Фото / Зульфия ТургуноваМеждународный фестиваль плова "Дружба народов Азии" в Оше
Международный фестиваль плова Дружба народов Азии в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн жеңүүчүлөрүнө баш байге катары 9 чоң боз үй берилет.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Курман Айт майрамына карата Сокулук районунун Белек айылында "Кыргыз майрамы — Курман айт" аттуу чоң маданий иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Эл аралык кыргыздар ассоциациясынын аткаруучу жетекчиси Уларбек Бакырдинов билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Кыргызстан дин иштер башкармалыгынын колдоосу менен 2-сентябрь күнү уюштурулат.

"Аталган иш-чаранын ар кайсы аймактарда уюштурулуп келе жатканына быйыл жети жыл болот. Бул жолу Белек айылына 100 боз үй тигилип, бир тонна күрүч басылып жети облустан келген эл, спортчулар айттын сыйын көрүшөт. Ошондой эле көк бөрү, ат чабыш, кыз куумай, күрөш сыяктуу улуттук-спорттук оюндар ойнотулуп, куран окуган боюнча кыздар арасында мелдеш болот. Баш байгеге 9 боз үй каралган. Андан сырткары, жылкы, төө, тай, кунан, мамалак сыяктуу баалуу байгелер болот. Спорттук иш-чарага каалаган спортчу катыша алат, каттоо 2-сентябрга ачык уланат", — деди Бакырдинов.

Ал ошондой эле иш-чаранын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 500гө чукул кой союлуп таратыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0