Жайыл районунда террорчулукка каршы операция өттү

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүУчения стран ОДКБ "Рубеж-2016"
Учения стран ОДКБ Рубеж-2016 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын операция дүйшөмбү күнү Бишкек шаарында өтсө, эми Жайыл районунда уланууда

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Жайыл районунда террорчулукка каршы атайын операция өткөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Азырынча толук маалымат жок, айрым ЖМКлар анын жүрүшүндө эки кылмышкер жок кылынганын жазышууда.

Атайын кызмат окуянын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин айтты.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылынан 22-августта кылмыштуу топтун мүчөсү делинген 34 жаштагы киши эки граната менен кармалды - Sputnik Кыргызстан
Ош: Кара-Суудан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эки граната менен кармалды
Ушундай эле операция дүйшөмбү күнү Бишкектеги спорт ордосунда болгон. УКМК анда кимдер кармалып-кармалбаганы тууралуу толук маалымат берген эмес.

Эскерте кетсек, 24-августтун түнүндө Кайгуул милициясы документтерди текшерүү үчүн Ауэзов көчөсүнөн мамлекеттик номери S 8191 AG болгон Nissan Presage үлгүсүндөгү машинаны токтоткон. Анын ичинде төрт киши отурган. Жүргүнчүнүн бири тапанча алып чыгып, милиция кызматкеринин башына такаса, экинчиси граната алып чыгып "жардырам" деп коркуткан. Мындан улам укук коргоо органдарынын өкүлдөрү аларды коё берүүгө аргасыз болуп, кылмышкерлер из жашырып кетишкен.

Кийин "Перехват" планы жарыяланып, шектүүлөр издөөгө алынган. Машина Көк-Жар конушундагы Кулмырзаев көчөсүнөн табылып, анын ичинен китептер жана уюлдук телефон алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0