Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстан боюнча 60 электрондук китепкана ишке кирет

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүРоссийская государственная библиотека
Российская государственная библиотека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-2019-окуу жылында өлкөнүн бардык мектептерин интернетке кошуу палнадалганын, азыр 620 мектепте интернет бар экенин баса белгиледи

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Быйылтан тарта Кыргызстандын мектептеринде "Жаңы доорго кырк кадам" деген программанын негизинде билим берилип баштайт. Ал беш жыл ичинде толук ишке ашарын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовБилим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева
Министр образования и науки Гульмира Кудайбердиева - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева

Мектеп линейкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл 121 миң бала биринчи класска барат
Ал ошондой эле Кыргызстандын аймактарында 60 электрондук китепкана ишке кирерин баса белгиледи. Бул аракетти ишке ашыруу үчүн тендер өткөндө интернеттин ылдамдыгы менен сапаты жакшы болушу керек деген негизги эки шарт болгонун Кудайбердиева баса белгиледи.

Билим берүү министринин орун басары Салидин Калдыбаев "Жаңы доорго кырк кадам" программасынын алкагында билим берүү тармагын каржылоону жана билим берүүнүн маңызын жакшыртуу каралганын кошумчалады.

"Кесиптик билим берүү жагы да колго алынат. Эмгек рыногунда талап болгон кесип ээлерин даярдашыбыз керек. Андан сырткары, кийинки жылдан тарта сапаттуу китептерди чыгаруу каралган. Мектептерде быйылтан тарта англис тили сабактары көбөйтүлдү. Мурда эки саат болсо, азыр беш саат каралган. Ал үчүн чет тилчи 2455 мугалим "Сапат" билим берүү мекемесинин мектептеринен атайын окуудан өттү", — деди ал.

Калдыбаев ошондой эле 2018-2019-окуу жылында өлкөнүн бардык мектептерин интернетке кошуу палнадалганын, азыр 620 мектепте интернет бар экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0