Кыргызстандык зыяратчылар Мина өрөөнүндө ажылыктын алгачкы амалдарын башташат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМина өрөөнүндөгү зыяратчылар. Архив
Мина өрөөнүндөгү зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравиянын Ажылык министрлиги кыргызстандык зыяратчыларга Мина өрөөнүнөн жетишээрлик деңгээлде орун бөлгөн

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргызстандык зыяратчылар Мина өрөөнүндө ажылыктын алгачкы амалдарын баштайт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Мина өрөөнү Кыргызстандык ажыларды кабыл алууга даяр экени айтылды.

Андан сырткары, быйыл тигилген чатырлардагы шарттар дагы салыштырмалуу жакшырган. Суу менен муз былтыркы жылга караганда көп камдалган.

"Быйыл ажылыктын убагы абдан ысык маалга туш келгендиктен заманбап үлгүдөгү муздаткычтар коюлуп, чатырлардын шарты жакшыртылган. Ажылыкка келгендердин саны көп болгондуктан коопсуздук чаралары да күчөтүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Сауд Аравиянын Ажылык министрлиги кыргызстандык зыяратчыларга Мина өрөөнүнөн жетишээрлик деңгээлде орун бөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0