Айт намаз канчада, кайсы жерде окулат. Программа

Жазылуу
Быйыл Курман айт 1-сентябрга дал келгендиктен бул күн дем алыш деп жарыяланган

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Айт намазы 1-сентябрь күнү эски аянтта окулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл Курман айт 1-сентябрга дал келгендиктен бул күн дем алыш деп жарыяланган.

Муфтияттын берген маалыматы боюнча майрамдык намаздын программасы төмөнкүчө болот:

  • 06:00 — борбор калаадагы эски аянтка эл чогула баштайт
  • 06:00-07:00 — аалымдардын баяны
  • 07:00-07:20 — муфтий Максат ажы Токтомушевдин куттуктоосу жана баяндамасы
  • 07:20-07:30 — өкмөт өкүлдөрүнүн куттуктоосу
  • 07:30 — айт намаз башталат

Эскерте кетсек, былтыр Курман айт 12-сентябрга туура келген.

Курмандыкка кандай мал тандап, кантип союу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0