Эгемендик күнү Бишкектеги коомдук транспорттун багыты өзгөрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдамада транспорт күтүп жаткан жүргүнчүлөр. Архив
Аялдамада транспорт күтүп жаткан жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй проспектиси менен Киев көчөлөрү менен жүргөн бардык маршруттар багытын өзгөртөт

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. 31-август Эгемендик күнүндө шаардык коомдук транспорттун багыты өзгөрөрүн мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Айт намаз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айт намаз канчада, кайсы жерде окулат. Программа
Майрам күнү Бишкектеги Чүй проспектиси менен Киев көчөлөрү Тоголок Молдодон Тыныстановго чейин жабык болот.

Эртең мененки саат 6:00дөн саат 12:00гө чейин №9 троллейбус токтойт. Ал эми №7 троллейбустун багыты "Тунгучтан" цирктин жанындагы аялдамага чейин жана Ак-Ордодон "Ош" базарына чейин кыскарат.

№ 38 менен №42 автобустары багытына жараша Токтогул жана Москва көчөлөрү менен жүрөт. Андан сырткары, №7 автобус Жибек Жолу менен каттайт.

Ошондой эле Чүй жана Киев көчөлөрү аркылуу жүргөн маршруттук таксилер да Токтогул, Москва жана Фрунзе аркылуу жүргүнчүлөрдү ташыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0