Жашылчалар эмнеге кымбаттап жатат? Дыйкан жана адистердин пикири

© AP Photo / Misha JaparidzeЖашылча жемиштер. Архив
Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда билинбегени менен азык-түлүккө болгон баа, анын ичинен жашылча-жемиштердин наркы билинбей өсүүдө. Алсак, былтыр калаа тургундары бул мезгилде бадыраңдын бир килограммын орточо 15-20 сомдон алса, азыр 45 сомдон кем болбой сатылууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги базарларда баасы жогорулап жаткан жашылчаларды билгенче анын себептерин сураштырып көрдү.

Үй кожойкеси Нурида Алымбаева учурда кышка камылга көрүп бадыраң туздап, салат жаап жаткан мезгили. Бирок былтыркыга салыштырмалуу быйыл жашылчалардын көбүнүн баасы жогору экенин айтып нааразы болду.

"Былтыр "Дыйкан" базарына барып бир кап бадыраң килограммын 15 сомдон алгам. Быйыл болсо 45 сомдон түшпөй койду. Эми кайра арзандабайт. Байкасам базарда капустадан башкасынын баасы бүт эле кымбат ", — деди Алымбаева.

Жашылчалардын учурдагы бааларын билүү максатында Ош базарына бардык. Чындап эле бадыраңды кээ бир жерден эле көрбөсөк былтыркыдай жер жайнаган бадыраң жок. Ага караганда помидор көп экен.

Развитие легкой промышленности в КР - Sputnik Кыргызстан
Айлыгым 30 миң сом! Кесиптик окуу жайды аяктагандар кантип жумуш таап жатат?
Эки-үч жылдан бери жашылча менен соода кылган Болот Эргешовдун айтымында, быйыл помидордон башка жашылчанын баарынын баасы түшпөй жатат. Айрыкча калемпир, бадыраң, сабиздердин наркы салыштырмалуу жогорураак.

"Азыр товардын баары эле Казакстан, Россияга кетип жатабы, айтор, бизге дыйкандар кымбат алып келип жатат. Сабиздин да баасы былтыркыга салыштырмалуу көтөрүлдү. Өзүбүзгө деле кыйратып түшпөйт. Бир күндө бир кап картошканы сатып дагы түгөтө албай калабыз. Анан бааны биз көтөрүп жаткансып алуучулар нааразы", — деди сатуучу.

Соодагерлердин айтымында, эми картошка менен пияздын баасы арзандабаса калган жашылчалар, тескеринче, көтөрүлөт.

"Азыр кышка камылга көрүүнүн убагы, кичине күн салкындаса эле баары кымбаттап кетет. Жакында картошка бардык аймактарда казылат эмеспи, баасы бир аз төмөндөйт, анан пияз бир аз арзандашы мүмкүн. Ал эми мезгили бүтүп бара жаткан жашылчалар күндөн күнгө жогорулай берет. Ал тургай укроп, петрушка сыяктуу чөптөр дагы 5-10 сомго кымбат болуп жатат", — деди Эргешов.

Баалар эмнеге көтөрүлүп жатат?

Дыйкан Абдыкерим Сартпаев бадыраңдын кымбаттап кеткендигинин себебин мезгилдик факторго байланыштырды.

Реплика Чунцинаа, построенная из монет и агатовых камней в Китае - Sputnik Кыргызстан
Шумкарбек Адилбек уулу: инвесторду эптеп көндүрсөк, салык менен Соцфонд чыга калат
"Бадыраң мындан бир ай мурда арзан эле сатылган, азыр мезгили да бүтүп бараткандыктан дароо кымбаттап кетти. Анын үстүнө бадыраңды өстүрүү кыйыныраак. Ага себилчү дарылар кымбат, аны өстүрүү процесси да бир аз татаал. Ал эми кызыл калемпир быйыл жайында күн катуу тийип, алар дароо карарып кургап кетип жатты. Быйыл помидор көбүрөөк. Былтыр аба ырайы жаан-чачын болуп помидорго курт түшүп абдан начар болсо, бул жылы биз аны жакшы дарылап кайра нукка түшүрүп алдык", — деди дыйкан Сартпаев.

Ал жашылчалар сыртка көбүрөөк алынып чыга баштагандыктан баасы көтөрүлүп жатканын айтты.

"Мурда биз кыйналып өстүргөн жашылчаларды арзан эле сатып жиберип өзүбүзгө эч кандай пайда түшпөй калчу. Азыр кудайга шүгүр, чет өлкөгө экспорттоп кадимкидей жылыш байкалды. Товар өндүргөн адамга продукциясын кымбат саткан баары бир ыңгайлуу да", — деди дыйкан.

Ал эми Айыл-чарба министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин жетекчиси Амангелди Исаевдин айтымында, учурда экспортко товар көп чыгып жаткандыктан ички рынокто баа жогорулап жатат.

Непалдык ишкер, миллиардер Бинод Чоудхари. Архив - Sputnik Кыргызстан
Непалдагы жападан жалгыз миллиардер КР ишкерлерине кеп-кеңеш берди
"2015-жылы Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийин калган биримдиктеги төрт мамлекеттен чоң комиссия түзүлүп, үч-төрт жолу келип биздин постторду, талааларды, лабораторияларды текшерип жыйынтыгы жакшы болуп чыккан. Алар бардыгы стандартка туура келет деп чек аралардагы фитосанитардык көзөмөлдү толугу менен алып салышкан. Ошондон бери дыйкандар бизден гана фитосанитардык сертификат алып, лабораториядан өтүп, сыртка товарын алып чыга башташкан. Ал эми биз алардын жашылча-жемиштеринин курту, оорусу жок экенин тыкыр текшерип гана сертификат беребиз. Азыр бардык эле жашылча-жемиштин көбү сыртка экспорттолуп жатат. Мындан улам ички рыноктогу баа көтөрүлүүдө. Дыйкандардын түшүмү Кыргызстанда арзан бааланат, ал эми Казакстан, Россияга алып чыкса эки эсе кымбат болот", — деди Исаев.

Исаев белгилеп кеткендей, 2017-жылдын январь айынан июнь айына чейин Кыргызстандан сыртка 63, 783 миң тонна жашылча-жемиш, башкача айтканда, 58 миллион долларлык товар сатылган. Анын ичинде 50 миң тоннасы жашылча, ал эми 13 миң тоннадан ашыгы жемиш жана жаңгак болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0