Ош: 70 гектардай жерде өскөн жапайы кара куурай өрттөлдү

© Фото / Зульфия ТургуноваУничтожение 70 гектаров конопли в Оше
Уничтожение 70 гектаров конопли в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын максаты — жарандардын ден соолугуна терс таасирин тийгизген уулуу заттарды жок кылып, жаштарды жаман адаттардан арылтуу.

ОШ, 30-авг. — Sputnik. Ош облусунда 70 гектардай жерге өскөн жапайы кара куурай өсүмдүгү өрттөлүп жок кылынды. Бул тууралуу аталган дубандын милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

"Ош облусу боюнча жалпы 70тей гектар жерде жапайы кара куурай өсүмдүгү бар, алардын дээрлик бардыгы өрттөлдү. Анын ичинен Өзгөн районунун Жазы, Куршаб, Мырза-Аке айылдык аймактарында өскөн беш гектарга жакын өсүмдүк коомчулуктун, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн катышуусунда жок кылынды", — дейт Аширбаев.

Анын айтымында, иш-чаранын максаты— жарандардын ден соолугуна терс таасирин тийгизген уулуу заттарды жок кылып, жаштарды жаман адаттардан арылтуу.

Иш-чара "Кара куурай — 2017" аталышында операциянын алкагында өткөрүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0