Жогорку сот Текебаевдин чогулткан кол тамгасын талапка жооп бербейт деп тааныды

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция лидера фракции "Ата Мекен" Омурбека Текебаева
Пресс-конференция лидера фракции Ата Мекен Омурбека Текебаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент болом дегендер 30 миңден кем эмес кол тамга топтоосу керек

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкерлигин ырастоо боюнча чогулткан кол тамгасын талапка жооп бербейт деген чечимин Жогорку сот мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 17-август күнү шайлоо комиссиясы Текебаевди колдоо иретинде чогултулган 38 643 адамдын кол тамгасын каржылоо тартибинин бузулушунан улам жараксыз деп тапкан.

"Мыйзамга ылайык, кол чогултуу боюнча ишке шайлоо фондусунан тышкаркы каражатты пайдаланууга тыюу салынат. Ал эми Текебаевдин чогулткан кол тамгасын текшерүү маалында анын фондусунда эч кандай акча каражаты болгон эмес", — деп айтылат БШКнын маалыматында.

Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0