"Ты супер! Танцы" долбооруна катышкан кыргыз кыздары мекендештерин куттуктады

© Sputnik / Евгений Одиноков"Ты супер! Танцы" эл аралык долбооруна катышып жаткан кыргызстандык катышуучулар Айдана Шатемирова жана Нуриза Көчкөнбай кызы
Ты супер! Танцы эл аралык долбооруна катышып жаткан кыргызстандык катышуучулар Айдана Шатемирова жана Нуриза Көчкөнбай кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык долбоорго катышып жаткан кыргыз кыздары мекендештерине ийгиликтерди каалады

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Ты супер! Танцы" эл аралык долбооруна катышып жаткан кыргызстандык катышуучулар Айдана Шатемирова жана Нуриза Көчкөнбай кызы мекендештерин эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

"Мекендештерге, туугандарыбызга, досторузга бардык жакшылыктарды каалайбыз. Биздин өлкө гүлдөп өсүү жолунда бара жатат. Мындан ары да жакшы ийгиликтерге жетерине ишенебиз", — деди катышуучулар.

Бул долбоорго Россия, Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина жана Абхазиядан барган 145 өспүрүм катышкан. Сынак 2-сентябрдан тарта эфирге чыга баштайт.

Ты супер! сынагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык эки кыз эл аралык бий сынагына катышып жатат
НТВ телеканалы өткөрүп жаткан "Ты супер! Танцы" сынагын Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу уюштурган. Россиянын, КМШ өлкөлөрүнүн жана Балтика мамлекеттеринин таланттарынын башын бириктирген бул иш-чаранын максаты — балдарга тилегин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүү.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0