Атамбаев чет элдиктерден эмне үчүн уяларын айтты

Жазылуу
Президенттин айтымында, турак жайдын сырткы көрүнүшүн айрым майда-чүйдө нерселер бузуп коет

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Чоң-Таш айылындагы Сүймөнкул Чокморов атындагы мектептин ачылышында сүйлөп жатып өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жергиликтүү тургундарды тыкан болууга чакырды.

Өлкө башчы айыл аймагында жайгашкан "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси тарыхый борборго айланып бара жатканын, мындан улам жашоочулар үй-жайын, айлана-тегерегин таза кармашы керектигин белгиледи.

"Кээде чет элдик коноктор менен келе жатып уялып кетем, Жок дегенде шыпырып койбойсуңарбы", — деди президент.

Өлкө башчы там-таштын сырткы көрүнүшүн айрым майда-барат деталдар бузуп коерун кошумчалап, айыл тургундарынан үлгүлүү болуусун өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0