Жалал-Абадда милиция окуучулар менен тыгыз иштөөдө

© Фото / пресс-служба УВД Жалал-Абадской областиРазъяснительная работа милиции в школах Джалал-Абада
Разъяснительная работа милиции в школах Джалал-Абада - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда жаш өспүрүмдөр 118 ирет жол кырсыгына кабылып, андан 11 бала каза болгон.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жалал-Абадда Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы кылмыштуулуктун жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында бардык мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн облустук ИИБ билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн жалпы өлкө аймагында Курман айт менен бирге Билим күнү да белгиленип жатат.

"Милиция кызматкерлери бардык мектептерге бөлүнүп, жылдагыдан айырмаланып ар кыл кокустуктардын, жол кырсыктарынын алдын алууну көздөп, түшүндүрүү жана эскертүү чакырыктары жасалды", — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө бүгүн коомдук тартипке 1000ден ашуун кызматкере көз салып жатканы айтылат.

Ал эми Кайгуул милициясынын маалыматы боюнча жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда жаш өспүрүмдөр 118 ирет жол кырсыгына кабылып, андан 11 бала каза болгон. Ал эми жаракат алгандардын саны 141ге жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0