Жамал Ташыбекова 80 жашта. Мамлекеттик ишмердин бейнесине 7 сүртүм

© Sputnik / Табылды КадырбековПартиялык иштмер, экс тышкы иштер министри Жамал Ташыбекова маек учрунда
Партиялык иштмер, экс тышкы иштер министри Жамал Ташыбекова маек учрунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жамал Ташыбекова 1967-жылдан тарта партиялык, мамлекеттик кызматтарда иштеп, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри болуп эмгектенген. Белгилей кетсек, Тышкы иштер министри болуп иштеген айымдарыбызды санай келгенде манжа толук жумулбайт.

Ушул аптада Жамал Ташыбекова 80 жашка толду. Журналист Гүлдана Талантбекова эл үчүн өмүрүн арнаган айымдын бейнесине сүртүм жасады. Маалымат Ташыбекова менен болгон маектен жана жазуучу Гүлбүбү Бектурганованын "Кыргыздын асыл кыздары" китебинен алынды.

Келечекке таасир берген таеже. Ташыбекова Жамал Чойбековна 1937-жылы 29-августта Фрунзе шаарында төрөлгөн. Жамал карапайым жумушчунун үй-бүлөсүндө чоңойгон. Курулушчу болуп эмгектенген атасы Жамал экиге чыкканда каза тапкан. Апасы балдар үйүндө иштечү. Үй ээси көз жумгандан кийин апасынын сиңдилери оор турмушту сездирбей жардам берип турган. Бир таежеси ок чыгарган цехтин партиялык уюмунун катчысы болуп иштеген. Жумуштан үйгө келгенде саясаттан узун кеп улап, кичинекей Жамалдын кулагын бышырып, атүгүл келечегине да таасир эткен.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын тарыхында өлкөнүн Тышкы иштер министрлигин болгону үч айым жетектеген. Алар — Күлүйпа Кондучалова, Жамал Ташибекова жана Роза Отунбаева
Партийный деятель, экс министр иностранных дел КР Жамал Ташибекова  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын тарыхында өлкөнүн Тышкы иштер министрлигин болгону үч айым жетектеген. Алар — Күлүйпа Кондучалова, Жамал Ташибекова жана Роза Отунбаева

Өлкө үчүн батирден да, жумуштан да баш тарткан. Мектепти бүткөндөн кийин Москвадагы жеңил өнөр жай технологиялык институтуна тапшырган. Өндүрүш практикасын жыл сайын Ленинграддагы айтылуу "Комсомолка" тигүү фабрикасынан өтчү. Жигердүү практикантка жаштыгына карабастан, бир ай бою эс алууга кеткен цехтин жетекчисинин милдетин аткарып, кыска убакыттын ичинде жамааттын кадыр-баркына ээ боло алган. Ал эми фабриканын эмгек жамааты жаш студенттин ишмердигине жогору баа берип, өздөрүнө калтыруу өтүнүчү менен окуу жайына атайын кайрылган. Бирок алдына чоң максат койгон Жамал болгон күч-кубатын, заңгыраган Москвадан алган билимин туулуп-өскөн жерине арнагысы келген. "Комсомолканын" батир беребиз деген сунушуна макул болбостон, "мен кайра Кыргызстаныма кетем" деп ак эткенден так этип туруп алган дешет.

Чемпион по боксу Орзубек Назаров - Sputnik Кыргызстан
Орзубек Назаров 51 жашта! Бокс атасы тууралуу 10 факты
Эмгек жолу. Бишкекке келгенден кийин ишин "Октябрдын 40 жылдыгы" деп аталган тигүү фабрикасында бригадирликтен баштап мастер, цех жетекчиси болууга чейин жетишкен. Андан соң "Киргизия" фирмасынын башкы инженери, башкы директору болуп эмгектенген. Сабаттуу, баарына терең акыл калчап караган, прогрессивдүү ой жүгүртө билген инженер эң оболу кадрларды даярдоого, кызматкерлерди кайра даярдоодон өткөрүүгө, тажрыйба алмашууга дайым көңүл бөлгөн. Эмгекти илимий негизде уюштурууну, кийим тигүүнүн алдыңкы технология ыкмаларын ишке киргизип, продукцияны сапаттуу чыгаруу үчүн күрөшкөн.

© Sputnik / Вячеслав Бобков / Медиабанкка өтүүТашыбекова менен иштеп калгандар анын абдан жарашыктуу жана өзгөчө кийингенин, сулуулугун азыркыга чейин айтып келишет
Депутат Верховного Совета Киргизской ССР Джамал Ташибекова - Sputnik Кыргызстан
Ташыбекова менен иштеп калгандар анын абдан жарашыктуу жана өзгөчө кийингенин, сулуулугун азыркыга чейин айтып келишет

Саясаттагы жолу. 1967-жылдан баштап Ташыбекова Кыргызстан КП БКнын өнөр жай бөлүмүндө, борбор шаардын вице-мэри, 1980-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басарлыгына, Тышкы иштер министрлигине дайындалган. 1980-жылы Кыргызстан аялдарынын VIII курултайында Республикалык аялдар советинин төрайымы, Советтик аялдар комитетинин мүчөсү болуп шайланат. Бул жылдары саламаттык сактоонун, элге билим берүүнүн базасын чыңдоого, айрыкча илимди, маданиятты, спортту өнүктүрүүгө көп күч жумшаган. Советтин жана республиканын Жогорку Советинин бир нече жолку депутаты болуп шайланган. Элдердин ортосунда достукту жана кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүүдөгү олуттуу салымы үчүн ага Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси деген даражалуу дипломатиялык ранг берилген.

© Sputnik / Табылды КадырбековАтасынан эки жашында ажыраган Жамалдын кулагы саясатка бала чагынан эле бышкан
Партийный деятель, экс министр иностранных дел КР Жамал Ташибекова  - Sputnik Кыргызстан
Атасынан эки жашында ажыраган Жамалдын кулагы саясатка бала чагынан эле бышкан

Жетекчилик талант менен адамгерчилик айкалышканда. Жамал Чойбековна жумушчулар, айыл эмгекчилери, көп балалуу аялдар, пенсионерлер жана аксакалдар менен байма бай жолугушуп, алардын кем- карчына көңүл буруп, кеңешип, өтүнүчтөрү менен суроо-талаптарын аткарып турган. Ал эми аны менен иштеп калган кыз-келиндер абдан жарашыктуу жана өзгөчө кийингенин, келбеттүүлүгүн азыркыга чейин айтып келишет. Замандаштары анын сулуулугу менен кошо өтө маданияттуулугун, тунук акылын, адамгерчиликтүүлүгүн белгилешет. Китеп окуганды жакшы көрөт, стол тенниси, бильярд сыяктуу спорт оюндарынын ышкыбозу. Мындан тышкары живописти, музыканы, ырды өтө сүйүп угат, өзү да кыргыздын элдик ырларын мукамдуу обонго салып созолонтот.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Роза Отунбаева 67 жашка толду. Аты өзгөргөн коомдук ишмер тууралуу 7 факты
Өмүрлүк жолдошу Марс Байчериков болгон. Ал Ленинграддагы инженердик-курулуш институтун бүтүргөн. Курулуш уюмунда катардагы механиктен баштап республиканын улуттук коопсуздук министринин орун басарына чейинки жолду басып өткөн. Ал азыркы Улуттук коопсуздук министрлигинин имаратын фундаментинен баштап аягына чейин өзү бүтүргөн. Жолдошу үйүндө да, досторунун арасында да дайыма өзүн ачык-айрым, шайыр алып жүрөр эле дешет. Музыкалык аспаптардын бир нече түрүндө кол ойнотуп, кыргыз, казак, орус элдеринин ырларын көркүн ачкан. Жубайлардын ортосунда өмүр бою өз ара түшүнүшүү сезими өтө күчтүү болгон. Марс Байчериков 1990-жылдын ызгардуу декабрь айында кызмат ордунда капыстан кайтыш болгон.

Боздотуп кеткен жалгыз уул, агымын уланткан жашоо. Жубайлардын уулу Темирбек Москва мамлекеттик университетин бүтүп, философия илимдеринин кандидаты болгон. Тилекке каршы, Жамал Чойбековна былтыр жалгыз уулунан айрылып калган. Учурда келини, неберелери менен турат. Бишкек шаарында жайгашкан Достук үйүнүн жетекчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0