Абдыганы Эркебаев Чоң-Алайдагы үйүн балдарга белекке берди

Жазылуу
Аталган үй 5 бөлмөлүү жана 40 сотых жери бар. Жакынкы күндөрү үйдүн документтери жергиликтүү бийликке өткөрүп берилет.

ОШ, 1-сен. — Sputnik. Коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылындагы үйүн бала бакча катары пайдаланууга берди. Бул тууралуу Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Нургазы Акматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваКоомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылындагы үйүн бала бакча катары пайдаланууга берди
Коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылындагы үйүн бала бакча катары пайдаланууга берди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылындагы үйүн бала бакча катары пайдаланууга берди
© Sputnik / Зульфия ТургуноваБеш бөлмөлүү турак жайдын 40 сотых жери бар.
Беш бөлмөлүү турак жайдын 40 сотых жери бар. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Беш бөлмөлүү турак жайдын 40 сотых жери бар.
1/2
Коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылындагы үйүн бала бакча катары пайдаланууга берди
2/2
Беш бөлмөлүү турак жайдын 40 сотых жери бар.

Анын айтымында, беш бөлмөлүү турак жайдын 40 сотых жери бар.

"Бүгүн, 1-сентябрь Билим күнүнө арналган иш-чарага коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев өзү катышып, үйүн бала бакча катары пайдаланууга бере тургандыгын айтты. Учурда үйдү айыл өкмөттүн карамагына өткөрүү иштери жүрүп жатат", — деди Акматов.

Ал кошумчалагандай, 300 кожолуктан турган Кара-Тейит айылында буга чейин бала бакча болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0