Адал азыктары. Архив

Бүгүн адал азыктардын жарманкеси жыйынтыкталат

71
(жаңыланган 17:33 03.09.2017)
Адал продукция менен кызматтардын VII жарманкеси 1-сентябрда башталган

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бүгүн "HALAL EXPO KG 2017" жарманкеси жыйынтыкталат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Белгилей кетсек, адал продукция менен кызматтардын VII жарманкеси 1-сентябрда Бишкек шаарындагы соода борборлордун биринде башталган.

Жарманкеге Кыргызстанда жана чет мамлекетте "Адал" стандарты боюнча сертификациядан өткөн соода маркалары катышып, Малайзия, Россия жана Казакстандан дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттер чакырылган.

Иш-чара Курман айттын урматына уюштурулган.

71
Белгилер:
жарманке, адал, Бишкек
Тема боюнча
Курман айтты утурлай адал жарманке өтөт
Экономика министрлиги расмий адал стандартын түзүүнү демилегелөөдө