Окуучулар жетишсиз китептерди интернеттен көчүрө алат. Министрлик каршы эмес

Жазылуу
Окуучулар бул китептерди планшет же смартфонго көчүрүп алуусуна мектептердин эч каршылыгы жок

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстандык окуучулар мектепте жетишсиз окуу китептерин эки интернет сайттан көчүрүп алса болорун "Ачык билим" коалициясынын төрагасы Чоробек Сааданбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда кыргыз, орус жана өзбек тилиндеги 300дөй окуу китеби bizdin.kg жана lib.kg сайттарында жарыяланды.

"Окуучулар каалаган китебин акысыз жана эч тоскоолдуксуз көчүрүп алса болот. Биздин негизги максат — өлкөдөгү окуу китептеринин жетишсиздигин жоюуга жардам берүү", — деди Сааданбеков.

Бул иш бир нече жыл мурун башталып, бирок ар кандай тоскоолдуктардан улам өтөсүнө чыкпай келген. Мисалы, мурда Билим берүү министрлигинен чыгарган китептерди интернетке чыгарууга уруксат жок болчу.

Мектеп окуучусу сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мектептеги окуу китептер жаңыланууда. Маселенин күңгөй-тескейи
"Элвира Сариева министр кезинде ага сунуш киргизип, эгер мамлекеттин акчасы китеп чыгарганга жетишпей жатса, китептерди интернетке жарыялайлы. Балдарга дагы, мамлекеттин бюджетине дагы жеңил болот дегенбиз. Бул маселени ал чечип бергенден кийин кайсы китептерди чыгарганга болот деп тактоого эле бир жылдан ашуун убакыт кетти", — деди Сааданбеков.

Аталган сайтка алгач үч жыл мурда 13 китеп жарыяланган. Бүгүнкү күндө 300дүн тегерегинде окуу китептери киргизилди.

Сайттагы рейтингге караганда, окуу китептеринин арасында Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери (1-9-класстар) жана 3-класстардын Кыргыз тили, Кыргыз тили жана окуу, Адабий окуу китептери көп окулууда.

Окуучулар бул китептерди планшет же смартфонго көчүрүп алуусуна мектептердин эч каршылыгы жок экенин Билим берүү жана илим министрлигинин китеп чыгаруу секторунун адиси Чынара Курбанова айтат.

"Аталган сайттарга окуу китептерин жарыялоого министрлик жардам берет. Бардык китептер окуу программасынын талаптарына жооп берет. Учурда өлкө боюнча мектептер китеп менен 83,6 пайызга камсыздалган, калган китептер жетишсиз", — деди Курбанова.

Маалыматка караганда, азыр кенже класстар толугу менен жаңы программада иштелип чыккан китептерди окуп жатат. Ал эми эмки окуу жылына 5-6-класстардын китептери бардык сабактар боюнча, 7-9-класттардыкы география, химия, физика, биология жана математика предметтери боюнча жаңыланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0