Президент Мирзиёев Атамбаевди Өзбекстанга чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВизит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Кыргызстан
Визит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев өзбек лидеринин чакыруусун кабыл алганын айтып, октябрь айларында барышы мүмкүндүгүн билдирди.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки тараптуу жолугушуу учурунда өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди Өзбекстанга чакырды. 

Өзбек лидери алгачкы жолу Өзбекстан менен Кыргызстандын достук жана кызматташтык боюнча парламенттик топ түзүлгөнүн, андан тышкары, маданий-гуманитардык алакалар да өрчүп келе жатканын белгиледи. 

“Мен Алмазбек Шаршеновичти Өзбекстанга келип кетүүгө чакырам”, — деди Мирзиёев. 

Бирок убактысы так айтылган жок. 

Ал эми Атамбаев маалымат жыйында сүйлөп жатып Мирзиеёвдин чакыруусун кабыл алганын айтып, октябрь айларында барышы мүмкүндүгүн кошумчалады. 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга болгон сапары 5-6-сентябрь күндөрү өтөт-сентябрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0