Айдоочуларга эскертүү! Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылат

Жазылуу
Чабандар малдардын Төө-Ашуудагы тоннель аркылуу айдап өткөндүктөн транспорт каттамына чектөө киргизилет

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Чабандар жайлоодон жакага түшүп, Төө-Ашуудагы тоннель аркылуу мал айдап өтүп жаткандыктан 5-сентябрдан 30-сентябрга чейин транспорт каттамдарына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тоннелден мал айдап өтүү учурунда унаа каттамы токтотулат. Кыймылды жөнгө салуу иштерин тоннель кызматкерлери жүргүзөт.

График:

  • 1.00-2.30 — мал айдап өтүү
  • 2.30-5.00 — транспорттор үчүн каттам
  • 5.00-6.30 — мал айдап өтүү
  • 6.30-11.00 — транспорттор үчүн каттам
  • 11.00-13.00 — мал айдап өтүү
  • 13.00-1.00 — транспорттор үчүн каттам.
Жаңылыктар түрмөгү
0